«Айка»: Кыргыз мигрант кызынын ролун ойногон Самал Еслямова «Ника» сыйлыгын алды

Казак актрисасы Самал Еслямова Орусиянын кинематографиялык «Ника» улуттук сыйлыгынын версиясы боюнча 2019-жылдын мыкты актрисасы деп табылды. Сыйлыкты тапшыруу аземи 2021-жылдын 25-апрелинде өттү.

2019-жылдын эң мыкты аялдар ролу үчүн сыйлыкты дароо эки актриса алды — Самал Еслямова «Айка» тасмасы үчүн жана Виктория Мирошниченко «Дылда» тасмасында жараткан эмгеги үчүн.

Быйыл 2019 жана 2020-жылдары тартылган кинотасмалар үчүн сыйлыктар берилүүдө. Былтыр коронавирус пандемиясынын кесепетинен сыйлыктарды ыйгаруу мүмкүн болбой калган.

Кыргыз мигрант келини жөнүндө кинотасма

«Айка» кинотасмасы — Москвада мыйзамсыз иштеп, жашап жүргөн кыргызстандык жаш мигрант кыз жөнүндө курч социалдык драма.

«Төрөттөн кийин алсырап, ачка жана суукка тоңгон кыз ар кайсы кара ишке тартылат. Анын мойнунда насыя болот, ал эми насыя талап кылгандар анын артынан сая түшүп алышып, туугандарын мыкаачылык менен жазалайбыз деп коркутушат», — деп сүрөттөгөн бул тасманы Эл аралык кинопресса федерациясынан Гүлбара Төлөмүшова.

Казакстандын «Айка» тасмасы буга чейин 2019-жылдын «Оскар» сыйлыгынын кыска тизмесине кирген. Ал башка тогуз тасманын ичинен Борбордук Азиянын жалгыз тасмасы болгон.

2018-жылдын майында «Айка» тасмасында башкы ролду ойногон Самал Еслямова Канн кинофестивалында эң мыкты аял ролу үчүн сыйлык алган.