Коронавирустун 199 жаңы учуру катталып, 146 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 26-апрелде өлкөдө коронавирустун 199 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында беш медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 138 (төрт медкызматкер);

Чүй облусунда — 29 (бир медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 11;

Ош шаарында — 9;

Талас облусунда — 6;

Жалал-Абад облусунда — 3;

Ош облусунда — 2;

Нарын облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 146 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 106, Чүй облусунда — 27, Ысык-Көл облусунда тогуз, Ош шаарында үч жана Нарын облусунда бир киши оорудан сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында жана Нарын облусунда бирден бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 94 030га жетти — алардын ичинде 4 405 медик бар. Оорудан 88 212 бейтап айыгып, 1 584 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 449 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 62си өтө оор абалда. Мындан сырткары 1 801 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.