Өлкөдө эмдөө жумалыгы башталды. Каалоочулар Sinopharm вакцинасын алса болот — ССМ

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын бардык аймактырында Иммундаштыруунун Европа жумалыгы башталганын маалымдап, жарандарды коронавируска каршы эмделүүгө үндөдү.

Министрликтин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев 26-апрелде басма сөз жыйында баш калаада жана аймактарда вакцинациялоо үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдирди.

«Өлкө боюнча жарандарды профилактикалык жылсанак боюнча да, коронавируска каршы да акысыз эмдей турган 65 мобилдик бригада иштеп жатат. Ошондой эле вакцинаны [поликлиникалардын] иш бөлмөлөрүндө да алууга мүмкүн», — деди ал.

Анын айтымында, жыл сайын иммундаштыруу жүргүзүлгөнү үчүн Кыргызстанда эмдөө менен алдын алынган полиомиелит, кызамык жана башка оорулар жок.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен коронавирустан эмдөө жүрөрүн белгиледи. Анын айтымында, вакцинаны каалоочулардын баары ала алат.

«Ошондой эле, өлкөгө орусиялык Sputnik V вакцинасынын 20 миң дозасы келген. Бул вакцина менен өнөкөт оорулары бар жана 65 жаштан улуу курактагы жарандар эмделет», — деди ал.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Назира Артыкова белгилегендей, бүткүл Борбор Азия боюнча чукул кырдаал жарыяланды. Коңшу Тажикстанда — жапайы полиовирустун очогу тутанды*. Артыкова кыргызстандыктарды балдарын жана өздөрүн эмдетүүгө чакырды.

*Полиомиелит — өтө жугуштуу вирустук оору. Ал нерв системасына доо кетирип, кыска убакытта эле адамдын денесин толугу менен шал кылып салышы ыктымал. Бул илдетке көбүнчө 5 жашка чейинки балдар чалдыгат, ошондуктан балдар бул ооруга каршы эмделишет. Бирок, март айынын аягында ДССУ Тажикстанда экинчи типтеги полиовирусту жуктуруп алган алты бала аныкталганын маалымдаган.

«Азаттыкка» ДССУнун полиомиелит боюнча башкы адиси, уюмдун Даниядагы европалык кеңсесинде иштеген Шахин Хусейнов билдиргендей, 2016-жылдан 2018-жылга чейин дүйнөдө бул вируска каршы инактивацияланган поливакцинанын таңкыстыгы жаралган. Борбор Азия өлкөлөрү тобокелчилиги аз өлкөлөр деп бааланган, ошондуктан бул чөлкөмгө вакциналарды жеткирүү кийинкиге калтырылган. Ошондуктан 2016-жылдан 2018-жылга чейин төрөлгөн балдар полиовирустун экинчи тибинен коргоочу дарыны албай калышкан. Вирус балдарга да, чоңдорго да жугушу ыктымал, ошондуктан ДССУ эмдөөдөн өтүүгө чакырат.

Басма сөз жыйынга муфтияттын өкүлү Бахтияр Токтогазы уулу да катышты. Ал орозо тутуу маалында деле коронавируска каршы эмделсе болоорун, себеп дегенде вакциналардын курамында тыюу салынган заттар жоктугун белгиледи.«Эл эмдөөгө кайдыгер болбошу керек, баарыбыз ден соолугубузга кам көрүшүбүз керек», — деди ал.

Кыргызстанда эмдөө

Кыргызстанда Иммундаштыруунун Европа жумалыгы 2005-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бирок, 2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетинен пландык профилактикалык эмдөөлөр кырдаал турукташтырылганга чейин убаткылуу токтотулган. Жаңы төрөлгөн ымыркайлар гана эмделип, кызылча жана кызамыкка каршы контакттык кишилер да вакцина алышкан.

2021-жылы Иммундаштыруунун Европа жумалыгы менен бирге республикада коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталган. Калкты коронавируска каршы эмдөө 29-мартта Бишкекте, Ошто жана Чүй облусунун эки районунда башталган. Биринчи этапта медицина, билим берүү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери эмдөөдөн өткөрүлүүдө.

COVID-19га каршы алгачкы эмдөө иш-чараларында Sinopharm колдонулган. Кытай вакцинасы 75 миң адамга жетиши керек.

Ошондой эле, 23-апрелде калкты Орусиянын Sputnik V вакцинасы менен эмдөө өнөктүгү башталган. Орусияда өндүрүлгөн вакцина эң алгач Улуттук хирургия борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеевге сайылган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин айтымында, Кыргызстан бул вакцинанын бир миллион дозасына буйрутма берилген, анын ичинде 500 миңи гуманитардык жардам катары жеткирилиши керек. Бейшеналиев буйрутма берилген вакциналардын калган бөлүгү анын өндүрүлүшүнө жана сатыкта көп болушуна жараша өлкөгө жеткирилет деп билдирген.

Ошондой эле, Кыргызстанга COVAX* аркылуу май-июнь айларында 405 миң доза оксфорддук AstraZeneca вакцинасы келүүгө тийиш. Бул тууралуу дагы Бейшеналиев маалымдаган.