Жапаров: Кыргызстан Тынч, Индия жана Атлантика океандарынын портторуна чыгууга муктаж

Президент Садыр Жапаров 26-апрелде БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) 77-сессиясына катышып, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы саламдашуусунда бүткүл адамзат үчүн кыйын болуп турган мезгилде өтө чоң иш турганын — пандемия учурунда «мурдагыга караганда жакшы» деген принциптин негизинде региондогу экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча чечимдерди иштеп чыгуу милдети турганын белгиледи.

Ал COVID-19 пандемиясынан улам дүйнө жүзүндө жана Азия-Тынч океандарынын аймагында эл аралык соода-сатыкка байланыштуу чоң көйгөйлөр башталып, ал Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттарын ишке ашпай калуу коркунучуна кептегенин белгиледи.

Жапаровдун айтымында, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр кирешелердин көбүнөн куржалак калган, ал эми калган ресурстарын пандемиянын кесепеттерин жоюуга жумшап жатышат.

«Былтыр Туруктуу өнүктүрүү боюнча саясий форумдун жүрүшүндө Кыргызстан Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын жетишкендиктери боюнча биринчи улуттук ыктыярдуу баяндамасын жасаган эле. Бул баяндама КОВИД-19дун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууга тийгизген таасирин эске алуу менен даярдалган. Ошондой эле анда өлкөнүн эл аралык колдоого муктаж болгон тармактары чагылдырылган», — деди ал.

Президент Кыргызстан — деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкө экенин айтты. Анын айтымында, мамлекет Тынч, Индия жана Атлантика океандарынын портторуна чыгууга муктаж.

«Ушуга байланыштуу, биз БУУнун Азия жана Тынч океан региону үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясы тарабынан Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү маселелерине мындан ары дагы абдан чоң көңүл бурулат деп ишенебиз», — деди ал. 

Жапаров Кыргызстан «чет элдик инвестицияларды тартууга кызыкдар» экенин жана инвестиция жана соода саясатын өркүндөтүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатканын кошумчалады.

«Биздин башкы максат — бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоону камсыздоо. Пандемия шартында биз жаңы тоскоолдуктарды жаратпастан, тескерисинче, соода тармагын өнүктүрүп, калктын жашоо деңгээлин көтөрүү максатында болушунча жигердүү кызматташуубуз зарыл» — деп ал сөзүн жыйынтыктады.

ЭСКАТОнун 77-сессиясы 2021-жылдын 26-29-апрель күндөрү Тайланддын борбору Бангкок шаарында, видеоконференция түрүндө өтүп жатат. Конференция «Азия-Тынч океан аймагындагы аймактык кызматташуунун негизинде, кризистен кийин “мурдагыга караганда жакшы” принциби менен калыбына келтирүү» темасына арналган. Иш-чарага уюштуруучу мамлекеттердин лидерлери катышып жатат.