МКК: 3-майдан тарта биометрикалык жалпы жарандык паспорт үчүн документтер кабыл алынат

Мамлекеттик каттоо кызматы 3-майдан тарта 2020-жылдын үлгүсүндөгү биометрикалык жалпы жарандык паспорт үчүн документтерди кабыл алып баштоону пландап жатканын билдирди.

Документти текшерүүдөн өткөрүү жана персоналдаштыруу процесси 18 жумушчу күндө аткарылат. Биометрикалык паспортту шашылыш түрдө персонификациялоо ишин май айынын аягында баштоо пландаштырылууда.

«Ушуга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жакынкы аралыкта чет өлкөгө сапарларды пландаштырып жаткан жана паспортко муктаж жарандарды апрелдин аягына чейин паспорт алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна жана паспорт бөлүмдөрүндө белгиленген тартипте кайрылууга чакырат», — деп билдиришти ведомстводон.

Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягына чейин калкты тейлөө борборлорунда 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду жол-жоболоштуруу үчүн документтер кабыл алынат.

ТЕМА БОЮНЧА: Электрондук паспорт алуу үчүн документтер 3-майдан тарта кабыл алынат