Электрондук паспорт алуу үчүн документтер 3-майдан тарта кабыл алынат

Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргызстандагы паспорт кризиси чечилди деп элди ишендирди. Бул тууралуу ал фейсбук барагындагы түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, эми жарандар жалпы жарандык паспортту (чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорт) алуу үчүн документтерди 3-майдан тарта тапшыра алышат.

«3-майдан тарта биз жалпы жарандык паспорт боюнча документтерди кабыл ала баштайбыз, бул маселе чечилди», — деди Марипов.

Ал ортодо Мамлекеттик каттоо кызматы учурда паспорттордун бланктарын тесттик түрдө басып чыгаруу үчүн жабдуулар даярдалып, программалык камсыздоосу жолго коюлуп жатканын билдирди.

Андан сырткары электрондук паспорттордун баасы жөнүндө дагы жобо бекитилди. Ага ылайык, банктын комиссиясын эсепке албаганда 50 барактуу паспорттун баасы 920 сом болсо, 34 барактуу паспорттун наркы 857 сомду түзөт.

Жаңы паспорттор 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери менен корголот.

Кыргызстандагы паспорт кризиси

Кыргызстанда жалпы жарандык паспорт (чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорт) жетишсиз болуп, аны тапшыруу кечиктирилип жатканы тууралуу 9-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген.

e-Passport (биометрикалык маалыматтар катталган паспорт) кызматын ишке киргизүү 2020-жылдын 25-декабрында башталышы керек болчу. Бирок Мамкаттоо кызматы 2021-жылдын апрель айынан баштап электрондук паспорт бериле баштайт деп убада берген. Кийин болсо электрондук паспортторду берүү май айынан башталары айтылган. Андан кийин ал сентябрга чейин созулушу ыктымалдыгы маалымдалган.

Кийин премьер-министр Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге шалаакылык мамилеси үчүн сөгүш жарыялап, ал эми орун басары Тилек Батыркановду ээлеген кызматынан бошоткон.

Марипов «чукул арада улуттук жалпы жарандык e-Passport паспортторун берүүнү жолго коюу» тапшырмасын берген. Эгерде кайрадан үзгүлтүккө учурай турган болсо, мындан дагы олуттуу чара көрүлөөрүн белгилеген.