Сыймык Жапыкеев прокуратурадан кетүү жөнүндө арыз жазды

Сыймык Жапыкеев

Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев 28-апрелде кызматынан кетүү тууралуу арызын жазды. Маалыматты Жапыкеев «Кактус» басылмасына ырастады.

«Мага эч ким эч кандай басым жасаган жок. Мен ден соолугума байланыштуу прокуратурадан кеттим, тагыраагы, ден соолугума көбүрөөк убакыт көңүл бурамын», — деди Жапыкеев.

Эки күн мурда Жапыкеев «Super.kg» журналисттерине маек куруп, жаңы бийликтин айрым чечимдерин кескин сынга алган болчу.

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокуратурасын 30-марттан тарта жетектеп келген. Ал буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Бирок ведомство Улукбек Марипов өкмөт башчылыкка келгенден кийин 5-мартта жоюлган.

Жапыкеев Каржы полициясы жоюлаардан бир күн мурда генерал-майор наамына ээ болгон.

2020-жылдын май айынын башында Жапыкеев фейсбукту активдүү колдонуп, бийликтин иш-аракетин сындап баштаган. Ал ашканасында тартылган видео билдирүүлөрдү жарыялап, жергиликтүү депутаттардын, аткаминерлердин жана көпөстөрдүн мүлкүн алуу керектигин билдирген. Ал коррупционерлердин тизмесин түзүп, уурдалган каражаттарды жана мүлктөрдү кайтарып берүүнү талап кылууга чакырган. Жапыкеев «Чоң Казат» партиянын теңтөрагасы. Партия ошол учурда эл оозуна алынган.

Жапыкеев сынга алган саясатчылардын сап башында мурдагы премьер-миинстр жана экс-депутат Кубанычбек Жумалиев турган. Жумалиев 4-февралда «Коррупцияга» жана «Мыйзамсыз баюуга» шектелип кармалып, бирок мамлекеттин бюджетине 1 млрд сомдук активдерди кайтаргандан кийин эч жака кетпөө шарты менен бошотулган.

2020-жылдын 5-октябрында Жапыкеев шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан саясатчылардын катарында болгон. Ал эми 6-октябрга караган түнү Ак үй басылып алынган соң Жапыкеев өзүн башкы прокурор деп атаган. Бирок жаңы бийлик түзүлгөндөн кийин бул кызматка расмий түрдө Курманкул Зулушев дайындалган. Ал эми Жапыкеев финполициянын башчылыгына келген.