Жапыкеев генерал-майор наамын алды. Бул Финпол жоюлардан бир күн мурда болгон

Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеевге финполдун генерал-майору наамы берилди. Бул тууралуу Жапыкеев фейсбук барагына жазды.

Достор ээн биринчи силерге Рахмат, ушунча колдодунар, Кудайга ыразымын, Президентке чоон Рахмат. Достор чын журоктон...

Опубликовано Сыймыком Жапыкеевым Четверг, 11 марта 2021 г.

Наам ыйгаруу тууралуу буйрукка Садыр Жапаров 4-мартта кол койсо, 5-мартта премьер-министр Улукбек Марипов финполду жоюу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Өкмөт анда ведомство «бүгүнкү күндө объективдүү түрдө жазалоочу функцияларды гана аткарып калгандыктан» жоюлат деп билдирип, ал өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздашы керек болгонун кошумчалаган.

Жапыкеев финполдун жетекчилик кызматынан биротоло 11-мартта кеткен. Ал отставкасына комментарий берип, ачык жана так иштегенге аракет кылып, эч кимди коркутпаганын жана акча опузалабаганын билдирген.

Сыймык Жапыкеев 2020-жылдын 17-октябрында финполдун башчылыгына дайындалган. Ага чейин «Чоң Казат» партиясынын мүчөсү, «Ашканада» интернет берүүсү аркылуу өлкөдөгү коррупция тууралуу айтып бергендиги менен белгилүү болгон.

2020-жылдын майы айынын башында Жапыкеев видео жарыялап, жергиликтүү депутаттардын, аткаминерлердин жана көпөстөрдүн мүлкүн алуу керектигин билдирген. Ал коррупционерлердин тизмесин түзүп, уурдап алгандарын кайтарып берүүсүн да талап кылууга чакырган. Бул видеодон кийин «Чоң Казат» кыймылы эл оозуна алынган.

2020-жылдын 6-октябрына караган түнү Ак үй басылып алынган соң Жапыкеев өзүн башкы прокурор деп атап алган, бирок кийин бул кызматка Курманкул Зулушев келген. Жапыкеев болсо финполго жетекчи болуп дайындалган — бирок 2021-жылдын февраль айында ал финпол жоюларын жарыялаган.

Буга чейин Садыр Жапаров генерал-лейтенант наамын үзөңгүлөшү — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ыйгарган. Бирок, президенттин басма сөз кызматы Ташиев кайсыл эрдиги үчүн аскердик чинге ээ болгонун кабарлаган эмес.