Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды

Каржы полициясынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Башкы прокурор Курманкул Зулушев 30-мартта кол койду.

Сүрөт: «24.kg» басылмасы

Жапыкеев 2002-2014-жылдары Чүй жана Ысык-Көл облустарында прокуратурада иштеген. Кийинчерээк 2015-2018-жылдары, ал «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын юристи болгон.

Жапыкеев 2020-жылы октябрдагы окуялардан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Бирок ведомство быйыл 5-мартта жоюлуп кетти.

Жапыкеев финполдун жетекчилик кызматынан биротоло 11-мартта кеткен. Ал отставкасына комментарий берип, ачык жана так иштегенге аракет кылып, эч кимди коркутпаганын жана акча опузалабаганын билдирген.

Кийинчерек президент Садыр Жапаров Каржы полициясы жоюлардан бир күн мурда Жапыкеевге генерал-майор наамын ыйгарганы белгилүү болгон.

Ал эми Ысык-Көл облусунун буга чейинки прокурору Белек Калыков кайсы кызматка которулганы белгисиз.