Бөтөн жердин кереги жок, өзүбүздүкүн да бербейбиз. Кыргыз-тажик ТИМ башчылары сүйлөштү

29-апрелде «кыргыз тараптын демилгеси менен» Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомство башчылары 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалды кеңири талкуулашты.

Тажик ТИМинин башчысы Тажикстанды «кылымдар бою достук жана ынтымактуу коңшулук» байланыштырган аймактагы кошуна мамлекеттер менен мамилени өнүктүрүү алардын сырткы саясатынын алгылыктуу багыты экенин баса белгилеген.

Тажик тарап Кыргызстан менен болгон чек араларын делимитация жана демаркациялоо маселесин «сүйлөшүүлөр аркылуу, өз ара пайдалуу чечимдерди издөө жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен» чечүүгө даяр экенин белгиледи.

Ошол эле кезде, Мухриддин билдиргендей, Тажикстан «эч качан эзелтен бери өзүнө таандык болуп келген жерлерин бербейт».

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өз кезегинде, кыргыз тарап «бөтөн жерге көз артпаганын, ошол эле учурда өзүнө тиешелүү жерлерди дагы бербей турганын» белгилеген.

Кыргызстан ТИМинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, ушул контекстте Казакбаев, бардык чек ара маселелери мамлекеттик чек араны делимитизация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жогорку кызмат адамдарынын катышуусунда сүйлөшүү аркылуу чечилиши керек экендигин баса белгилеген.

Казакбаев эки мамлекеттин ортосунда ишенимди арттыруу, чек ара райондорунда коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоо, жергиликтүү калк арасында чыңалууга алып келип жаткан бардык аракеттерди басуу маанилүү экенин белгиледи.

Министрлер ортодо ишеним жоктугу жаңы инциденттердин келип чыгышын, мунун артынан олуттуу кесепеттерди, так айтканда жай тургундар арасында жаңы жоготууларды алып келиши мүмкүн экенин белгилешти.

Кийинчерээк, 30-апрелде, Тажикстандын ТИМи 2021-жылдын 29-апрель күнү кечинде чыр-чатакты жөнгө салуу максатында Тажикстан менен Кыргызстандын өкүлдөрүнүн жумушчу форматтагы жолугушуусу болгонун билдирген.

«Тараптар Согду жана Баткен облусундагы чек арага жакын тилкелерде аскерий аракеттерди токтотуп, аскерлерди жана аскер техникаларын чек арага жакын тилкелерден алардын буга чейин дайым туруп келген жерлерине алып кетүүнү, андан тышкары, чек арага жакын аймактарда абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүү процесстерин уланта берүүнү макулдашышты», — деп белгилешти ведомстводон.

Ошондой эле, жетишилген келишимдер ишке ашырылышы, кырдаалды жөнгө салуу үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү көзөмөл кылуу максатында жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынган.

Чек арадагы чыр

Жаңжал 28-апрелде башталган. Ошол эле күнү эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. Суу бөлүштүрүүчү «Головной» пунктундагы жүргүзүлгөн иштер чырдын келип чыгышына себеп болгон.

*«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. 1991-жылдагы Кыргызстан жана Тажикстан менен суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин чыр-чатакта баштады деп айыпташкан.

Эки өлкөнүн министрлери 29-апрелде саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүүнү макулдашышкан.

Бирок буга карабастан, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 30-апрелде Лейлек районунда ок атышуу уланып жатканын билдирген.

Жабыр тарткандар

30-апрелде таңкы саат 07:50гө карата берилген маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 134 киши жабыркап, алардын ичинен 13 киши набыт болду. Алардын арасында 2008-жылы туулган, Лейлектик 12 жашар өспүрүм кыз дагы бар.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 30-апрелдин таңкы саат 07:50гө карата берилген маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам жабыркагандардын саны 134 адамга жеткен.

Алардын арасынан 25 адам атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Алар Бишкек Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.

Алардын экөөсүнүн абалы оор, калгандарыныкы орто оор жана салыштырмалуу канааттандыраарлык деп бааланууда.

Тажик тараптан дагы жабыркагандар жана каза тапкандар бар. «Азия-Плюс» басылмасы өздүк булактарына таянып, 90го жакын адам жарадар болуп, 10го чукул адам набыт болгонун жазган.