Ташиев: Кудай буйруса кечке чейин абалды толук турукташтырып бүтөбүз

Кыргызстандын УКМКсынын башчысы Камчыбек Ташиев 30-апрелде Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов менен жолугушту. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы кабарлады.

Ташиевдин айтымында, Ятимов менен жолугушуу бейтарап аймакта өткөн.

«Буйруса баары жакшы болот, чечебиз. Бардык аракеттер көрүлөт. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин көрсөтмөсүнүн негизинде бардык маселелер чечилип жатат. Кудай буйруса бүгүн кечке чейин абалды толук турукташтырып бүтөбүз», — деди Ташиев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. 29-апрелде эки өлкөнүн аскерлери ок атуучу курал колдонушкан.

Куралдуу кагылышуунун натыйжасында Баткен районунун үч айылындагы 498 тургуну, Лейлек районунун 350 тургуну эвакуацияланган. Мындан тышкары, Кызыл Ай коому Көк-Таш айылынан гана 600дөн ашуун киши эвакуацияланганын билдирген.

Ошондой эле, чек ара жаңжалында 134 кыргызстандык жабыркап, алардын арасынан 13 адам каза тапканы белгилүү. Муну менен бирге УКМКнын Чек ара кызматы куралдуу кагылышта үч аскер кызматкери каза таап, дагы 20сы жабыркаганын — экөө оор абалда экенин да билдирген.