Куралдуу кагылышууда каза тапкан аскер Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү Аксыда жерге берилди

Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү Аксы районунун Дейрес-Сай айылына коюлду. Сүрөт: Turmush.kg

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон «Бөрү» отрядында кызмат өтөгөн Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү өзү туулуп өскөн Жалал-Абад обласунун Аксай районундагы Дейрес-Сай айылыда жерге берилди. Бул тууралуу «Клоопко» Аксы районунун акими Жыргалбек Шакиев билдирди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, райондун Акими Жыргалбек Шакиев, чек ара кызматынын өкүлдөрү жана тургундар катышты.

«Бүгүн саат 12де акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Атайын митинг уюштуруп, бардык маселени түшүндүрүп, ата-энесин, бир туугандарын сабырдуулукка чакырдык», — деп белгиледи Шакиев.

Анын айтымында, маркумдун үй-бүлөсүнө жалпы 40 миң сом өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүлгөн. Келерки жумада куран окутуу үчүн дагы 10 миң сом өлчөмүндө жардам берүү маселеси каралууда.

«Маркумдун ата-энеси, бир туугандары Нурсултан Манасбек уулуна “баарыт” наамын берүүнү сунуштады. Биз ал сунушту сөзсүз турдө мамлекеттик жетекчиликке жеткиребиз», — деди Шакиев.

Аким Нурсултан Манасбек уулунун ысымын туулуп өскөн айылдагы чек ара бекетине ыйгаруу тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укутуу өкүлү, айыл башчысы менен макулдашканын билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын №2053 аскер бөлүгүнүн 3-отрядынын командири Нурсултан Манасбек уулу 29-апрелде кыргы-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон.

Нурсултан Манасбек уулу 1992-жылы Аксы районунун Авлетим айылында туулган. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси. 2010-жылы орто мектепти аяктаган соң жогорку Аскер окуу жайына тапшырып, 2015-жылы аяктаган. Ал «Бөрү» отрядында кызмат өтөгөн.

УКМКнын Чек ара кызматынын 30-апрелдеги маалыматы боюнча чек арадагы жаңжалдан «Бөрү» отрядынын үч жоокери каза болгон. Мындан тышкары 20 жоокер ар кандай жаракат алып, эки аскердин абалы оор деп бааланган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 1-майга карата берген маалыматына ылайык каза болгон кыргызстандыктардын саны 34кө жетип, 173 адам жарадар болду. Каза болгондордун арасында бир секелек кыз да бар.