Мамытканов менен Асанбеков ЕЭКтин министрлик кызматтарына сунушталды

Максат Мамытканов жана Темирбек Асанбеков

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) басма сөз кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕЭКтин коллегиясынын жаңы мүчөлөрүнүн талапкерлерин колдошконун билдирди.

Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны 29 жана 30-апрелде Казань шаарында өттү. Ага премьер-министр Улукбек Марипов катышты.

ЕЭКтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, «Чоң Казат» саясий партиясынын лидери катары таанымал Максат Мамытканов Олег Панкратовдун ордуна комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча министринин кызматына жактырылган.

Мындан тышкары, «Мекен Ынтымагы» партиясынын негиздөөчүсү Темирбек Асанбеков да ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп дайындалышы мүмкүн. Буга чейин бул кызматты Эмиль Кайкиев аркалап келген.«Алардын талапкерлиги Жогорку Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине тааныштырылат», — деп белгилейт ЕЭКтин басма сөз кызматы.

Мамытканов деген ким?

Максат Мамытканов 2020-жылы парламенттик шайлоого катышкан «Чоң Казат» партиясынын лидери болгон. Өлкөдө 5-6-октябрда бийлик алмаша баштаганда Мамытканов учурдагы президент Садыр Жапаровду колдогон.Жапаров бийликке келери менен дароо, тагыраагы, 14-октябрда Мамытканов вице-премьер-министрлик кызматка дайындалган.

2007-жылга чейин УКМКда иштеген. Бир убактарда УКМКнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгында жетекчилик кызматты аркалаган деген маалымат бар. Ал атайын кызматтан кандай себептерден улам кеткени тууралуу так маалымат жок. Бирок акыркы жылдары жергиликтүү ЖМКларга экономика жана саясат маселелери боюнча эксперт катары, көбүнече бийликтин аракеттерин сынга алып маек берип жүргөн.

Асанбеков деген ким?

Темирбек Асанбеков — «Мекен Ынтымагы» партиясынын негиздөөчүсү жана төрагасы. Мындан тышкары, президенттик шайлоолордо да талапкерлигин коюп жүргөн.

Асанбеков экс-президент Сооробай Жээнбековдун саясатына каршы чыгып жүргөн. Ал 5-6-октябрь окуяларында жарадар болгон. Асанбеков да октябрь окуясынан кийин Жапаровду колдогон.

ЕЭК деген эмне?

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) — Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) туруктуу иштеп турган жөнгө салуучу органы. Комиссия Жогорку Евразия экономикалык кеңешине баш иет. Комиссиясынын чечимдери ЕАЭБ, Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин мүчө мамлекеттеринин аймагында аткарылууга тийиш.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин курамына Орусия, Казакстан, Беларус, Армения жана Кыргызстан кирет.

Евразия экономикалык комиссиясынын негизги милдети болуп Евразия экномикалык биримдигинин, Бажы биримдигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин иштөөсүнө жана өнүгүүсүнө шарттарды камсыздап берүү эсептелет.