Соңку 24 саат ичинде COVID-19 308 кишиде аныкталды, жети бейтап каза болду

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 7 бейтап көз жумган. Алардын төртөө Бишкек шаарынан, экөө Чүй облусунан жана бирөөсү Ош шаарынан. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Мекеменин билдирүүсү боюнча пандемия башталгандан бери Кыргызстанда аталган илдеттен 1 619 адам каза тапкан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги акыркы суткада 308 кишиде COVID-19 аныкталганын маалымдады. Баткен облусунда жуктуруунун жаңы учурлары табылган жок.

  • Бишкек — 203;
  • Чүй облусу — 62;
  • Ысык-Көл облусу — 18;
  • Нарын облусу — 9;
  • Ош шаары — 6;
  • Талас облусу — 5;
  • Ош облусу — 3;
  • Жалал-Абад облусу — 2.

Министрликтин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту 96 060 жуктуруу учуру катталган.

Ошондой эле, Республикалык штаб сутка ичинде 258 киши илдеттен айыгып, ооруканалардан чыгарылганын билдирди. Пандемия башталгандан бери 89 719 киши COVID-19 же ооруканадан тышкары пневмониядан айыккан.

Сутка ичинде медиктер арасында коронавирусту жуктуруунун 11 жаңы учуру катталган. Пандемия башталгандан бери 4 447 медициналык кызматкерде коронавирус аныкталган, алардын ичинен 4 369 медик илдеттен арылган.

Ошондой эле, 2-майга карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинен ооруканаларда дарыланып жаткан 1 496 бейтаптын 78и өтө оор акыбалда. Андан тышкары 2 238 адам үй шартында дарыланышууда.