Чек арадагы ок атуу: Келтирилген зыяндын эсебин чыгаруу боюнча комиссия иштей баштады

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан улам жабыркаган объектилер жана турак жайларга келтирилген зыянды баалоо боюнча комиссия өз ишин баштады. Бул тууралуу 3-майда Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Комиссия облустун Баткен жана Лейлек райондорунда иш алып барат. Аны транспорт министринин орун басары Уланбек Калманбетов жетектейт.

«Комиссия аэрофото жана видео тартуучу аппараттын жардамы менен маалымат чогултат, ошондой эле объектилерди калыбына келтирүү үчүн долбоорлук сметалык документацияны даярдайт», — деп билдиришти ведомстводон.

ӨКМдин 3-майга карата маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан улам Лейлек районунда 48 турак үй, бир чек ара тозоту, 10 май куюучу жай жана 8 дүкөн кыйраган.

Баткен районунда 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милициянын имараты жана эки чек ара бекети кыйраган. Баткен облусу боюнча жалпы 78 үй жарактан чыккан.

Ошондой эле, саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, 3-майда саат 11:00гө карата чек арадагы ок атышууда 34 кыргызстандык көз жумган. Ал эми 183 адам жарадар болгон, булардын арасында 24 аскер кызматкери жана 75 жаран бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы ок атуу 28-апрельде, эки тараптын тургундарынын бири-бирине таш ыргытуусунун шартында башталган башталган. Ал эми 29-апрелде эки мамлекеттин аскерлери курал колдонушкан: миномет, автомат жана пулемёттор.

Тараптар 29-апрель күнү кечке маал гана курал колдонууну токтотууну макулдашышкан.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, чек арадагы жаңжал «Головной» суу бөлүштүрүү жайында тажик жарандары шагыл жүктөп кетүүгө аракет кылганда, ошондой эле эч кандай келишим түзбөстөн суу бөлүштүрүү пунктуна байкоочу камера орнотуудан улам келип чыккан.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин айтымында, Согди облусунун губернатору жаңжалга себеп болгон камераларды алып салууну убада берген, бирок Исфара районунун акими жетекчилигининин буйругуна баш бербей койгон.

Тажикстандын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, ок атуу 28-апрельде «Баткен облусунун төрагасы Акылбек Оразов баштаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын демилгеси менен» болгон. Мекемеде билдиргендей гидротехникалык курулуш 1968 — жылы курулган жана толугу менен Тажикстандын аймагында жайгашкан.