Германияда кыргызстандыктар тажик элчилигинин алдында акцияга чыгышты

Кыргызстандын жарандары 2-майда Германиянын Берлин, Гамбург, Франкфурт, Мюнхен шаарларында Тажикстандын элчилигинин алдында жана аянттарда тынчтык акциясына чыгышты. Алар муну менен кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда эл аралык медианын жана коомчулуктун көңүлүн бурдургусу келген.

Уюштуруучулардын айтымында, Баткен облусунда 30 миңден ашуун тургун үйлөрүн таштап качууга аргасыз болушканы менен эл аралык маалымат каражаттарында бул жөнөкөй гана чек ара чыры катары берилип жатат. Мындан улам алар куралдуу жаңжалга баа берилишин талап кылышты.

Алар Rahmon Stop Attacking Kyrgyzstan! (Рахмон Кыргызстанга чабуулду токтот!), Stop killing civilians in Batken! (Баткендин карапайым калкын өлтүрүүнү токтоткула!), 12 year old Madina and other dozens civilians killed in Kyrgyz-Tajik clash! (кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 12 жаштагы Мадина жана одногон жай тургундар каза тапты!) жана Баткен биз сени менен аттуу чакырыктар жазылган транспораттанды жана курман болгон 12 жашар Мадинанын сүрөтүн көтөрүп чыгышкан.

«Согушта жеңүүчү болбойт. 12 жаштагы Мадинанын өлүмүнө ким жооп берет? Карапайым элге тынчтык керек. Карапайым элге курал колдонуу бул адамзатына болгон чыккынчылык. Чек ара такталсын. Балдардын өмүрүн кыюу кечиримсиз. Эки элге достук жана тынчтык керек», — дейт Берлиндин тургуну Иса Кубакаев.

Чек арага чектеш аймакта туулуп-өскөн Гамбург шаарынын тургуну Атабек Аманов мындай жаңжал бийлик өкүлдөрүнүн алсыздыгынан жана өз кызыкчылыктарын ойлогондуктан болуп келет деген пикирин айтты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталган, 29-апрелде эки тарап бири-бирине таш ыргытуудан тышкары, курал-жарак колдонулган кагылышуулар башталган. Баткен ОИИБи Тажикстандын аскерлери автомат, пулемёт, миномёт сыяктуу өтө чоң зыян келтирген ок атуучу куралдарды колдонуп, жай тургундардын турак-жайларын аткылаганын билдирген. 28-апрелден 1-майга чейин кагылышуулардын кесепетинен 12 жаштан 60 жашка чейинки 34 кыргыз жараны каза таап, 179 киши жарадар болгон.

Ал эми «Азаттык» радиосунун тажик кызматы чек ара чырында 15 тажикстандык каза болгонун жана 90 адам жабыркаганын билдирген. Алардын арасында аскер кызматкерлери жана жай тургундар бар.