Өкмөт чек арада жабыркагандардын документтерин акысыз калыбына келтирип берет

Мамлекеттик каттоо кызматы кыргыз-тажик чек арасында ок атууда жабыркагандардын жоголуп же жок болгон документтерин акысыз калыбына келтирүү иштерин баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

МКК жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте документтерин жоготуп алган адамдардын тизмесин түзөт. Мындан тышкары, чек ара райондоруна документтерди калыптандыруу жабдуулары менен камсыздалган мобилдүү калкты тейлөө борборлору жөнөтүлөт.

Өкмөт туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, нике күбөлүгүн жана ошондой эле паспортторду калыбына келтирип берүүнү убадалайт. Муну менен катар МКК автоунаага документ алууга жана айдоо күбөлүгүн алууга көмөктөшөт.

МККнын башчысы Акын Мамбеталиевдин айтымында, эгерде жарандардын документтери электрондук базадан табылбаса, адистер ал адам тууралуу документти мамлекеттик архивден издешет.

«Мобилдүү КТБлар бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган, алар бекер эле келишет. Документтерди калыптандырганы үчүн акча төлөөнүн кереги жок. Себеби МККнын кызматкерлери атайын бир күндүк айлыгын которушту», — деди Мамбеталиев.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал 28-апрелде башталган. Эртеси күнү эле — 29-апрелде — Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлери курал колдонушкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин 3-майдын саат 11:00гө карата маалыматына ылайык, чек арадагы ок атуудан 35 кыргызстандык набыт болуп, 183 адам жабыркаган.

Өкмөт чек ара аймагынан 40 миңден ашык кыргызстандыкты эвакуациялаган — алардын 20 миңден ашууну жаш балдар. Жаңжалда ондогон айылдарга зыян тийип, 70 миң турак жай, чек ара посттору, мектеп жана бала бакчалар өрттөлгөн.

ЖМКлардын маалыматына ылайык, тажик тараптан куралдуу жаңжалда 16 адам каза тапканы белгилүү. Ошол эле кезде, «Озоди Радиосунун» маалыматы боюнча, тажик өкмөтү каза тапкан жарандарынын саны боюнча маалымат бере элек.