Мадинанын кошунасы: «Көчөгө карай качышкан экен эле, ошондо аларга ок тийиптир»

Мадина жана анын апасы менен сиңдиси жарадар болгон жер. Интернационал айылы, 3-май 2021-жыл. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулардан каза тапкан 12 жаштагы Мадина Рахматжанованын кошунасы, Интернационал айылынын тургуну Уулжан Тешебаева «Клооптун» кабарчыларына каргашалуу күндү айтып берди.

Тешебаева ок атуулар башталганда бала-чакасы жана неберелери менен дарбазаны жаап, кырдаал турукташканга чейин төрт күн үйдөн чыгышкан эмес. Ал эми Мадина апасы менен сиңдиси болуп качып баратканда миномёттун огу жарылган. Мадина ооруканага жетпей каза тапкан.

«Бейшемби күнү иштен кайтып жатканыбызда, ок атуулар башталып кетти. Балдарымдын баарын чогултуп, үйгө камап койдум. Кошунам болсо көчөгө карай качкан экен эле, ошондо аларга ок тийип калыптыр. Мадина жакшы, сулуу, адептүү кыз эле. Кошунам да жакшы эле, эрте менен ишке баратып балдарын окуусуна жеткирчү. Негизи жакшы үй-бүлө. Мадинанын апасы ооруканада медайым болуп иштейт», — деди Тешебаева көзүнө жаш алып.

Ал мындай жаңжалдын чыгышы эл үчүн күтүүсүз болду дейт.

«Тажик калкын мынчалыкка барат деп ойлогон эмесбиз. Баарыбыз бири-бизди көрүп турабыз. Кол салуучулар Максат айылында элдердин үйлөрүнө кирип, малдарын айдап чыгып кетишип, өрт коюп ийишип, мына эми элдердин баары көчөдө калып отурушат» , — деп кейиди эне.

Анын айтымында, айылда баары талкалангандыктан дары сатып алууда көйгөй бар. Анткени Тешебаеванын келини жакында эле операция болгон экен. Ошондуктан ал бийлик өкүлдөрүнөн жана кайдыгер эмес тургундардан жардам күтөт.

Мадина жашаган үй. Интернационал айылы, 3-май 2021-жыл. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Мадинанын каза болушу

12 жаштагы Мадина 29-апрелде Лейлектин Интернационал (Борбордук) айлында тажик тараптан атылган миномёттун огунан каза табып, ал 30-апрель күнү жерге берилди.

Интернационал айылына ок атыла башталганда, Мадина апасы жана сиңдиси менен кошо айылдан качып чыгууга аракет кылган. Бирок апасы менен ага ок тийип, сиңдиси бутунан жаракат алган. Ок узакка атылгандыктан апасы Мадинага 40 мүнөттөн кийин гана жеткен. Ооруканага алып бара жатканда өспүрүм каза тапкан. Ал эми апасы менен сиңдиси Бишкекке тик учак менен жеткирилип, аларга операция жасалды.

Тема боюнча: Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан каза тапкандардын аты-жөнү