«Тоокторумдан бери жок». Чек ара чырында үйү өрттөнгөн Халима Шамшиева жардам күтөт

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам өрттөлгөн турак үйлөрдүн арасында Максат айылынын тургуну 48 жаштагы Халима Шамшиеванын үйү да бар. Ал «Клооптун» кабарчыларына ак өргөсүн жакында оңдоп келин алууга даярданып жатканын айтып кейиди. Ал бүгүн биринчи жолу айылынан жана турак жайынан кабар алганы келди. 

«Ошол күнү ар бир үйдү жыйнапмын. Мындай болоорун кайдан билипмин. Эмгегим бир тыйын болду, жакшы эле неберемди чоң энесине таштаган экенмин. Неберем болгондо кыйналмак экенмин. 2000-жылдан бери үй курдук эле. Ушинтип кашыктап тапканыбыз, бир оокумда эле жок болду. Бул айыл төртүнчү согушту көрдү, мындан да мурда кыйынчылыкты көрүп келе жатат. Мектебибизден баштап баары күйдү, элдер нөлгө эле отуруп калдык. Элибизден, айылыбыздан жардамыңызды айабаңыздар» — деди Шамшиева.

Шамшиева 2 уул, бир кыздын энеси. Айылда небереси менен жашап жаткан. Бир уулу менен келинин Орусияга эмгек миграциясына жибергенине бир айдан ашкан.

«Майда малдарым бар эле, тоокторум бар эле, аларда азыр жок го. Тоок жумурта тууп неберем жеп калды эле. Эт кымбат болгондуктан сатып ала албай жаткан болчук. Бир жолу кымбатчылык болду, коррупционерлер баарын кымбаттатып ийишти. Карантин болуп, ошончо азап көрдүк эле, эми да минтип азап тартып отурабыз. Канча жыл эмгек кылдык эле, жакшы ниеттерде үй курдук эле», — деп кейиди эне.

Шамшиеванын уулу унаа кураштырам деп салып алган тетиктеринин баары жоголгон.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулардан Баткен облусу боюнча жалпы 130 объект өрттөлгөн. Тагыраагы 104 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, милициянын бир имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн күйүп кеткен.