Улукбек Марипов: Ак-Сайдагы «Головной» эч качан берилбейт

Баткендин Ак-Сай айыл өкмөтүндө жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Премьер-министр Улукбек Марипов 4-майда Баткедеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулардан жабыркагандар менен жолугушууда Ак-Сай айыл өкмөтүндө жайгашкан «Головной» суу бөлүштүргүчү эч качан Тажикстанга берилбей тургандыгын билдирди.

«Суу бөлүштүрүүчү жайдын үстүндө “Кайырма” деген канал бар. Анын башы үч куб. Алматыда кабыл алынган 1992-жылкы келишим бузулуп бизди укпай 3 кубду 2016-жылы 23 кубка чоңойткон. Мен ошол жөнүндө айтканмын. Мен Баткенге күйүп айттым. Мени сындаса, жамандаса, мен эч кандай капа болбоймун. “Головнойго” менчелик күйгөн адам болсо келсин азыр ушул жерге, мен жооп берем баарына. Кече аксайлык апалар “эң туура айттың” деди. Дагы бир жолу айтып койоюн “Головной” эч качан [Тажикстанга] берилбейт», — деди ал.


Буга чейин премьер-министр 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Төркүл суу сактагычына куйган каналдын башы Тажикстанга өтүп кеткен деп билдирген. Марипов өз сөзүндө «1991-жылы 16-майда кол коюлган келишим боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү маселесин айткысы келген» деп түшүндүргөн.

Марипов өзү 7-февралда Төрткүл суу сактагычына байланыштуу видео кайрылуу жасап, айрым бир күчтөр такталбаган маалымат таратып жатат деп божомолдогон. Ал кайрылуусунда «Головной» суу сактагычтан 500-600 метр жогору турган Кайырма каналы тууралуу айтканын белгилеген.

«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагычы Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт.

1991-жылдагы Кыргызстан жана Тажикстан менен суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат. 2014-жылы сууну бөлүштүрүүдө эки өлкөнүн жашоочуларынын ортосунда чыр чыгып, жаңжал ок атышуу менен коштолгон. Мындан улам суу сактагыч Кыргызстандын ИИМи тарабынан кайтарууга алынган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

1-майга чейин кагылышуулардын кесепетинен 184 киши жарадар болуп, анын ичинде 12 жаштан 60 жашка чейинки 35 кыргыз жараны каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Ал эми «Азаттык» радиосунун тажик кызматы чек ара чырында 16 тажикстандык каза болгонун жана 90 адам жабыркаганын билдирген. Алардын арасында аскер кызматкерлери жана жай тургундар бар.

2021-жылдын 2-май күнү премьер -минисир Улукбек Марипов Баткен облусуна учуп келген. Ал Баткен аймактык ооруканасындагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулардан жабыркагандардан кабар алып, кыйроого учураган айылдарды кыдырып эл менен жолугушууда.