Шайлоо-2021. Референдум жыйынтыктары (реалдуу убакыт режиминде)

Кыргызстанда 11-апрелде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү.

Референдумга шайлоочулардын тизмесине киргендердин 30 пайызы келип, алардын 50 пайызынан көбү добуш берсе ал өттү деп таанылат.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдиргендей, 35 күндөн кем эмес убакыт ичинде референдумдун жыйынтыгы чыгышы керек. Акыркы жыйынтыктар бюллетендер колго саналгандан кийин гана белгилүү болот.

Алдын ала жыйынтыктар (АСУлардан келген маалыматтардын 90% иштелип чыкты):

Макул: 78,2

Каршы: 13,4%

20:30да келген шайлоочулардын катышы: 35,9% (референдум өттү деп таанылышы үчүн шайлоочулардын 30% келиши керек)

Бул жерде реалдуу убакыт режиминде өлкөдөгү бардык шаардык кеңештерди шайлоонун жыйынтыктарын көрсө болот