«Бул фейк». УКМК Ташиев тажик аткаминерлеринен кечирим сурабаганын айтты

Соцтүйүндөрдө Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев чек араны демаркация жана делимитациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусунда Тажикстандын чиновниктеринен кечирим сураганы тартылган видео тарады*. УКМК видеону «фейк» деп атады.

*Өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү 1-майда өткөн. Ага Кыргызстандын жана Тажикстандын УКМК башчылары катышкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алар протоколго кол коюп, аскерлерди дайыма туруктуу жайгашкан жерлерине чыгарып кетүүнү макулдашышкан.

Видеодо Ташиев «[...] урматту тажик эли менен биримдикте жана ынтымакта жашайбыз. Бизге азыр… Бизге азыр… Бизди кечиргиле» дейт.

УКМК видеону «Ташиевди каралоого багытталып монтаждалган» деп атады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Жаңжал «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган. 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлери курал колдонууга өтүшкөн.

Эки өлкөнүн бийлиги бир нече жолу тараптар ок атууну токтотуп, аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу макулдашканын айтып, бирок элдешүү убадасы бат эле бузулуп турган. Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолугуп, эки тарап «максаттуу макулдашууга» жетишип, төрт пункттан турган протоколго кол койгондон кийин мүмкүн болгон. Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.

Акыркы маалымат боюнча ок атуунун кесепетинен Кыргызстандын 36 жараны каза болгон. Алардын арасында 4 жашар наристе жана 12 жаштагы секелек бар. Жалпы 189 адам жарадар болгон.

Тажикстандын бийлиги каза болгондор жана жарадар болгондор тууралуу маалыматты 6-майда гана жарыялаган. Тажик бийлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылышуунун натыйжасында 19 адам курман болуп, 87 тажикстандык жарадар болгон.