Коронавирустан 3 адам каза болуп, жаңы 320 учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын 6-майга карата маалыматына ылайык, коронавирустун жаңы 320 учуру катталып, үч адам каза болду. Каза болгондордун биринчиси Бишкекте, экинчиси Чүй облусунда, үчүнчүсү Ош облусундагы ооруканаларда дарыланып жаткан.

Учурда стационарда 1601 бейтап дарыланууда, алардын 69унун абалы өтө оор болсо, 408 бейтап оор абалда. Жалпысынан 2437 бейтап амбулатордук түрдө дарыланууда.

Ошондой эле оору жуктургандардын арасында үч медицина кызматкери бар. Акыркы суткада стационардан беш, үй карантининен эки медкызматкер чыгарылган. Ал эми республика боюнча коронавирус 4 471 медкызматкерге жугуп, анын 4 398и айыкты.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

Бишкек — 149;

Чүй облусу — 49;

Ош — 8;

Ысык-Көл облусу — 4;

Жалал-Абад облусу — 3;

Нарын облусу — 2;

Ош облусу — 1;

Талас облусу — 1;

Баткен облусу — 0.

Ошондой эле, өткөн суткада 217 киши айыгып чыгып, айыккандардын жалпы саны 90 617 киши болду. Ал эми өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 97 278 кишини түзүп, ал эми 1 640 адам оорудан көз жумду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.