Баткен: Эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтты

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан улам эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

«Облустук штабдын чечимине ылайык, 9-майда коопсуз жайга чыгарылган тургундар үчүн атайын транспорттор уюштурулуп, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүп, турак жайсыз калган үй-бүлөлөргө убактылуу үйлөр курулган», — деп жазылат маалыматта.

Баткен шаарынын 9 пунктуна убактылуу жайгаштырылган эл менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолуккан. Азыркы учурда аймакты калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек апрелдин аягы, май айынын башында кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалдан 189 киши жарадар болуп, анын ичинен 36 киши каза тапкан. Алардын арасында 12 жашар кыз жана 4 жашар наристе да бар.

Ок атуулардын кесепетинен улам жалпысынан 40 649 адам көчүрүлгөн, анын 16 147си аялдар, 23 931и балдар. Ал эми Баткен району боюнча 14 361 жаран, Лейлек району боюнча 26 288 адам эвакуацияланган.

Ал эми Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети 15 миңден ашуун жаран эвакуацияланганын кабарлаган. Ошондой эле тажик тарап кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 19 жаран каза болгонун жана 87 киши жарадар болгонун тастыктаган.

Чек арадагы ок атуудан кыйраган айылдарды калыбына келтирүүгө кыргыз өкмөтү 700 млн сом бөлдү.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийинки жоготуулар — таблица

Чек арадагы ок атуудан кыйраган айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлүндү