Президент Жапаров кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров 9-май — Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76 жылдыгы менен кыргызстандыктарды куттуктады.

«Бүгүнкү күнү биз согуш талаасында жана оорукта жеңишке жетүү үчүн өз жанын аябаган баатырларыбызды терең ыраазычылык жана зор сыймык менен эскеребиз. Согуш ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин дайыма камкордукка алып, көңүл буруу жана алардын эрдигин унутпай сактоо – биздин ыйык милдетибиз», — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

Дагы окуңуз: Быйыл Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берилет

Жапаров ошондой эле, Бишкектеги Жеңиш аянтындагы митинг-реквиемге катышып, өчпөс отко гүл койду.

Митинг-реквиемге экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов катышты.

Экинчи дүйнөлүк жана Ата Мекендик согуш

Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылы 22-июнда Нацисттик Германия жана коллаборационисттердин армиясы Советтер Союзунун чек арасына кол салгандан кийин башталган. Төрт жылга созулган согуштун жүрүшүндө бери эле дегенде Советтер тарабынан 27 млн адам набыт болгон.

Согуш 8-май күнү кечинде (Борбордук Европа убактысы боюнча) Германиянын капитуляциясы менен аяктаган, бирок формалдуу түрдө Советтер Союзу бул өлкө менен 1955-жылдан тарта согуш абалында турган.

Мааниси боюнча, Улуу Ата Мекендик согуш — бул 1939-жылы башталып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү. Улуу Ата Мекендик согушка Кыргыз ССРинин 365 миңге жакын тургуну катышкан, алардын ичинен дээрлик 100 миңи согуш талаасында набыт болгон. Согуш учурунда 150 миңден ашуун кыргызстандык орден жана медалдар менен сыйланган, алардын ичинде 72си Советтер Союзунун Баатыры.