ИИМ: Кыргыз-тажик милициясынан турган кайгуул күзөттөр уюштурулат

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусунда куралдуу жаңжалда жабыркаган аймактарга иш сапары менен барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы 9-майда билдирди.

Ниязбеков алгач Көк-Таш айылындагы ИИМдин ички аскерлерине салынчу имарат жана чыр башталган «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына барды. Кийинчерээк министр Лейлек районундагы Максат, Кулунду, Интернационал, Арка, Жаштык жана Борбордук айылдарынын тургундары, ошондой эле ал жакта кызмат өтөп жатышкан милиция, ички аскерлер менен жолугушту.

Мындан сырткары Ниязбеков жана Баткен облусттук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мурат Боронов Тажикстандын Согди облусттук милициянын башчысы Абдулло Навджувонов жана Исфара ШИИБнын начальниги Фердаус Шамадзаде менен жолукту. Тараптар чек ара чектеш аймактардагы абалды турукташтыруу жана жарандардын коопсуздугун сактоо максатында кыргыз жана тажик милициясынан турган кайгуул күзөттөрүн уюштурууну макулдашты.

«Учурда абал туруктуу. Баткен облусундагы абал толугу менен көзөмөлгө алынып, 52 ыкчам-тергөө топтору бардык талкаланган жайларды карап чыгууну аяктап, келтирилген чыгымдардын да эсебин тактоого киришти. Ал эми милиция менен ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрүнүн коомдук тартипти сактоо багытында биргелешкен кайгуул топтору өз ишмердүүлүгун улантууда», — деп берилет ИИМдин билдирүүсүндө.

Буга чейин кыргы-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууну ИИМдин 48 тергөө тобу иликтеп жатканы кабарланган. Алар кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулардан кийинки чыгымды тактоого жана козголгон кылмыш иштеринин кыска убакытта тергелишине көмөк көрсөтүшмөк. Тергөө тобун ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков жетектөөдө.

28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жалпы 129 турак үй жана 84 объект жабыркаган. Чыр Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

Чек арадагы ок атуулардын кесепетинен 189 киши жарадар болуп, анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик аскерлердин аракеттерин «аскердик агрессия» катары баалап, 2-майга карата чек арадагы жаңжал боюнча 11 кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

«Туруктуу жайгаштырылган жерлерден башка жайдан чабуул коюучу оор куралды колдонуу Кыргызстандын суверендүү аймагын басып алуу максатында аскердик кол салуунун мурдатан пландаштырылгандыгын айгинелейт. Тажикстан тараптан башталган аскердик аракеттерде алардын аскерлери, куралдуу жалданган адамдары жана бандиттик түзүмдөрү катышты», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Ал эми 10-майда Башкы прокуратура тажик тарап 10 кыргызстандыкты барымтага алган факты боюнча «Кыйноо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын маалымдады.