Баткен: Чек арадагы жаңжалды 48 тергөө тобу иликтеп жатат

Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда 48 тергөө тобу иш алып барууда. Алар кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулардан кийинки чыгымды тактоого жана козголгон кылмыш иштеринин кыска убакытта тергелишине көмөк көрсөтүшөт.

ИИМдин басма сөз кызматынан, тергөө тобун Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков жетекеп жатканын билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган топ кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу учурунда келтирилген чыгымдарды эсептөө иштерин сапатуу аткаруу максатында түзүлгөн.

28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жалпы 129 турак үй жана 84 объект жабыркаган. Чыр Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

Чек арадагы ок атуулардын кесепетинен 189 киши жарадар болуп, анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жабыркагандардын санын ачыктай элек, бирок тажик ЖМКлары жаңжалдан 88 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 20 киши набыт болгонун кабарлады.

ИИМдин Тергөө кызматынын аймактык бөлүмдөрү кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышууда катталган фактыларды иликтөөгө киришти. Бул тууралуу ИИМ 3-майда кабарлады.

2-майга карата чек ара аймагындагы жаңжал боюнча бардыгы болуп 11 кылмыш иши КЖБРге катталган. 8 кылмыш ишин Баткен РИИБдин тергөө бөлүмү иликтеп жатат. Ал эми үч кылмыш иши Лейлек РИИБдин өндүрүшүндө.