Молдокматов эми массалык башаламандыктарды уюштурууга айыпталууда — адвокат

«Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун адвокаты Кантемир Турдалиев «Клоопко» курган мегинде саясатчыга каршы тагылган айып массалык башаламандыктарды уюштурууга өзгөртүлгөнүн билдирди.

Мурдараак, саясатчы кармалгандан кийин ага карата сотко чейинки өндүрүш «Имарат жана курулуштарды басып алуу» беренеси менен башталганы кабарланган. Мындан тышкары, адвокат алгач Молдокматов 2020-жылы октябрь окуясында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди абактан бошотуп чыккан делип айыпталганын айтып берди.

«Ага УКМК имаратын басып алган жана атайын кызматка келип, коркутуу жолу менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди боштондукка чыгарууга мажбурлаган деген айып тагылган», — деп билдирди Турдалиев.

Ошондой эле, башаламандыктар учурунда УКМКнын алдына чогулгандар башка талаптарды айтышканын кошумчалады. Ал эми Молдокматов өзү имаратты басып алууга эмес, чогулган элди токтотууга аракет кылган.

«Ал келген учурда УКМКнын дарбазасы жүк ташуучу унаа менен сүрдүрүлүп, топтошкон эл имаратты штурмга алууга даяр болуп калган, ичинде атайын кызматтын өкүлдөрү турган. Молдокматов ошол жүк ташуучу унаанын үстүнө чыгып, элди тынчтандыруунун аракетин көргөн. Дүрбөгөн эл токтогондо УКМКнын мурдагы башчысы Орозбек Опумбаевдин жардамчысы чыккан, ал эми топтошкондор Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана Сапар Исаковду бошотууну талап кылган», — деди адвокат.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов 6-майда кармалган. Ошол эле күнү ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 2020-жылдын октябрь окуясында «Имарат жана курулуштарды басып алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Убактылуу кармоочу жайдан жазган катында Молдокматов мамлекетте «адилеттүүлүккө жана чындыкка болгон үмүт өчтү» деп билдирген.

Депутат Дастан Бекешев фейсбук барагында «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун кармалганы тууралуу оюн айткан.

Бекешевдин айтымында, Молдокматов 2020-жылдын октябрындагы башаламандыктарда соттордон мени актагыла деп талап кылып, Ак үйдү басып алган эмес.

«Жеңиш Молдокматов аянтта болгон башка адамдардай эле шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Жеңишти оюн эркин айтып, президентке каршы оппозициялык сөздөрү жана чек аралар боюнча саясатка карата сыны үчүн камап коюшканы анык», — деп ойлойт депутат.