Чаткал: «Чаарат Заав» компаниясы казынага 103 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилди

Сүрөт: «Чаарат Заав» ЖАКы

Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук соту «Чаарат Заав» алтын өндүрүүчү компаниядан экологияга зыян келтиргени үчүн 103 млн сомдон ашуун каражатты мамлекеттин пайдасына өндүрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Башкы прокуратура 12-майда кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Кадастр» ишканасынын Чаткал районундагы филиалы «Чаарат Заав» компаниясына алтын өндүрүш үчүн 726 гектар жерди убактылуу пайдаланууга берген. Бирок компания айыл чарба багытындагы жердин жоготууга учураганы үчүн алдын ала төлөм жүргүзгөн эмес.

*Мыйзам боюнча, жер казынасын пайдалануучу компанияга жер берилээрден алдын айыл чарбасынын жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурушу керек.

Кийинчерээк «Кадастрдын» кызматкерлери Чаткалдагы филиалы алтын казуучу компания айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын ордун толтуруу ченемдерин бузуу менен алынбай калган пайда 4 624 620 сом деп эсептеген.

Анткен менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча башкармылыгы айыл чарба жоготууларынын жана алынбай калган пайданын өлчөмү 133 739 682 сом экендигин билдирген.

Мындан улам облусттук прокуратура «Чаарат Заав» жабык акционердик коомун жана «Кадастр» мекемесин сотко берген. Чаткал райондук соту доо арызды жарым-жартылай канааттандырып, алтын казуучу компаниядан 103 млн сомдон ашуун каражат өндүрүү жөнүндө чечим чыгарды.

2020-жылдын сентябрь айында соцтармактарда «Чаарат Заав» компаниясы арчаларды кыйып салган делген видео тараган. Видеонун автору, активист Ийгилик Турганбаев компания кыйылган арчалардын ордуна калдыктарды сактоочу жай курулат деп божомолдогон.

Кийинчерээк Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги токой чарбалардын жоготуулары 6,5 млн сомдон ашуун чыгымдарды түзгөнүн билдирген. Ведомство «Чаарат Заавга» бул арчаларды кыюуга 2019-жылдын аягында эле уруксат алганын кошумчалаган.

«Сандалаш» коругу

Өткөн жылдын ноябрь айында Башкы прокуратура Чаткал районундагы «Сандалаш» коругунун бөлүгү кен казуучу компанияга мыйзамсыз берилип кеткенин аныктаган. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин реестрине ылайык, аталган жер «Чаарат ЗААВ» компаниясына ижарага берилген.

Көзөмөл орган коруктун 1 124,7 гектары алтын казуучу компанияга 2012-жылы берилгенин билдирип, мамлекетке 1 млрд сомдук зыян келтирилгенин аныктаган. Учурда бур факты боюнча «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

«Сандалаш» коругу 2006-жылдын 24-апрелинде өкмөттүн токтому менен уюштурулуп, анын жалпы аянты 25 270 гектарды түзгөн. Кийинчерээк коруктун аянты 25 715,3 гектарга өзгөртүлгөн.