Башкы прокуратура «Сандалаш» коругундагы 1 млрд сомдук коррупция боюнча тергөө баштады

Сүрөт: «Азаттык»

Башкы прокуратура Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Сандалаш» коругунун бөлүгүн кен казуучу компанияга «мыйзамсыз» бөлүп берүү боюнча сотко чейинки өндүрүш ачты. Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, бул мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке 1 млрд сомдук зыян келген.

«Сандалаш» коругу 2006-жылдын 24-апрелинде өкмөттүн токтому менен уюштурулуп, анын жалпы аянты 25 270 гектарды түзгөн. Кийинчерээк коруктун аянты 25 715,3 гектарга өзгөртүлгөн.

Ал эми 2012-жылдын август айында өкмөт кен казуучу компаниялардын бирине 3 661 гектар жерди ижарага берген — анын 1 124,7 гектары «Сандалаш» коругуна караштуу болгон.

«Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын жерлерин башка жердин категориясына которбостон, ошондой эле токой жана айыл чарба өндүрүштөрүнүн жоготууларынын ордун толтурбастан, аталган жер тилкелерин тоо-кен компаниясына убактылуу пайдаланууга мыйзамсыз берип, натыйжада мамлекетке 1 млрд сомдон ашык зыян келтирилген», — деп берилет Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Аталган факт «Коррупция» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле, Башкы прокуратура өкмөткө мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуш киргизди.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин реестрине ылайык, аталган жер «Чаарат ЗААВ» ЖЧКсына ижарага берилген. Үстүбуздөгү жылдын май айында Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги «Сандалаш» коругунун аянтын кыскартууну сунуштаган.

Агенттиктин маалымкат-негиздемесинде «корук участогунун чек араларын тактоо Жалал-Абад облусунун тоо-кен казуу тармагына инвестиция тартууга жана геологиялык чалгындоо иштерин өнүктүрүүгө» жардам берет деп айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чаткалда алтын казган компания арчаларды кыюуга уруксат алганы аныкталды.