Орозо айт намазы Бишкектеги эски аянтта окулбайт

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл Орозо айт намазы Бишкекте эски аянтта окулбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Шаардык мэрия борбордо эпидемиологиялык кырдаал курч экенин эскертти. Ошондой эле, май айынын башынан бери өлкө боюнча 2 138 кишиден COVID-19 илдети аныкталып, бул оорудан 38 адам каза болгонун билдирди.

Ал эми муфтияттын маалыматына ылайык, Орозо айт быйыл 13-майда болот. Айт намаз өлкө аймагындагы жана борбор калаадагы бардык мечиттерде санитардык эрежелерди сактоо менен окулат. Быйыл Орозо 13-апрелде башталган болчу.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылы дагы айт намаз мечиттерде жана Бишкекте эски айянтта окулган эмес.