Баткен: Кыргыз-өзбек чек арасында чогулгандар тарады, абал туруктуу

Иллюстративдик сүрөт

Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында турмуш-тиричиликке байланыштуу чырдан улам чогулган эки өлкөнүн 30-40тай жараны таркады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымат боюнча Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы жана Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочусу пикир келишпестиктен мушташа кетишкен. Мындан улам чек арада эки тараптын жарандары чогулган.

Окуя болгон жерге Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөндөн кийин чогулгандар тараган. Ал эми чатакташкан кыргыз жараны менен өзбек жараны элдешкен.

«Мушташа кеткен кыргыз жараны оор эмес жаракат алган. Абалы жакшы. Учурда Баткен району менен Өзбекстандын чектеш аймагында абал туруктуу», — деп белгилешти өкүлчүлүктөн.

Буга чейин 26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен чечилгенин маалымат жыйында билдирген. Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация 24-25-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында чек араны тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

УКМКнын башычысы Камчыбек Ташиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген чек ара боюнча маселелерди чечүү боюнча комиссиялар Ташкентте эки тараптуу протоколго кол коюшкан.

Кабыл алынган протоколдор боюнча Кыргызстандын жер-жерлеринде нааразачылыктар жаралып, айрыкча кыргызстандыктар «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгиндеги 50 гектар жерди коңшу өлкөгө бербөөнү жана протоколду жокко чыгарууну талап кылышкан. Андан соң Ташиев Ташкентке кайра барууну убадалап, «Кемир-Абад» суу сактачынын жээгинен жер Өзбекстанга берилбейт деген.