Бир кадр менен: Бишкектин борбордук мечитинде айт намазы окулду

Бишкектин борбордук мечитинде 13-майда Орозо айт намазы окулду. 

Сүрөт: Муфтият

Калаанын борбордук мечитине 500гө чукул адам келди. Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) COVID-19га байланыштуу эпидкырдаал курчуп жаткандыктан айт намазын окуу үчүн мечитке барууга чектөө киргизген.

COVID-19 пандемиясынан улам Орозо айт намазын жылдагыдай эски аянтта окууга быйыл да тыюу салынды. Муфтият жарандарды намазды үйдөн окууга чакырган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирус жуктуруунун 99 316 учуру катталган. COVID-19дан 1 675 адам көз жумган.