УКМК: Аспеков жараатты сотко бараткан учурда алган, атайын кызматка доосу жок

Мелис Аспеков

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы активист Мелис Аспековдун кыйноого кабылганын четке какты. Атайын кызматтан Аспековдун буттарындагы көк-алалар марттын башында, ал Биринчи май райондук сотуна бара жаткан учурда пайда болгонун билдиришти.

«Аспековдун өзүнүн айтымында, ал 2021-жылы 4-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна бараткан учурда денесинен жараат алган. Ал денеге залал келтирүүнүн себебин билдирүүдөн баш тарткан жана УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин айткан», — деп берилет УКМКнын маалыматында.

Ошондой эле атайын кызмат 11-мартта түзүлгөн акт муну тастыктайт деп билдиришти. Актта Аспековдун буттарындагы жаракаттар боюнча маалыматтар Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборуна берилген деп жазылган.

Анткен менен Аспековду Биринчи май райондук сотуна кайсы кызмат коштогону белгисиз. УКМКдан бул тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок, ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан «Клоопко» алардын кызматкерлери Аспековду сотко коштоп барбаганын билдиришти.

Мыйзамга ылайык, УКМКнын тергөө изолятору атайын кызматтын карамаганыда болот. Андагы кармалуучуларга УКМК өзү жооптуу.

«Сыймык, сак бол»

12-майда соцтармактарда УКМКнын тергөө абагында отурган активист Мелис Аспековдун билдирүүсү тараган. Анда ал УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан кыйноолорго кабылганын маалымдап, бир нече сүрөт тиркеген.

Аспеков бул аракеттер кызматтын жетекчиси Бекбосун Апсатаровдун буйругу менен «Чоң Казат» партиясынын лидери Сыймык Жапыкеевге каршы «жалган көрсөтмө алуу үчүн» жасалып жатканын айткан.

«Талап кылгандары: тергөө менен кызматташып, Сыймык Жапыкеевге жалган жалаа жаап, чындыкка дал келбеген көрсөтмө алуу. Ошондо гана мени үй камагына бошотобуз деген. Адамгерчиликке жатпаган ыкмаларын кылышууда. Арам максаттарына жетиш үчүн мага психологиялык жана физикалык жактан залака келтиришти», — деп жазган Аспеков.

Ошондой эле Аспеков аны менен бирге Каржы полициясынын 10го чукул мурдагы кызматкерлери отурганын жана аларга дагы Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүү сунушу түшкөнүн билдирди.

Мелис Аспеков жана «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон Улан Жураев 9-январда «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалышкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр «финансы полиция ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат» деп коркуткан.

Көп өтпөй ЖМКларда Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берген деген маалымат тарап баштаган. Бирок УКМК жана Аспековдун жактоочусу бул маалыматты төгүндөшкөн. Ал эми Жапыкеев Аспеков менен «эч кандай мамилеси жок болгондугун» билдирген.

26-январда Улан Жураев тергөө менен кызматташууга макул болуп, үй камагына чыгарылган. Ал эми апрелде бул иш тергелип бүтүп, Биринчи май райондук сотуна өткөрүлгөн.

Ал эми Сыймык Жапыкеев Каржы полициясы жоюлгандан кийин Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган. Бирок бир ай өтпөй ал бул кызматтан кетүү жөнүндө арызын жазды.

Жапыкеев кызматтан кетерден мурда президент Садыр Жапаровдун бийлигин сындап, «президенттин кетирген каталары көп болуп кеткенин» билдирген. Айрыкча Жапыкеев өлкө башчы коронавирусту «уу коргошун» менен дарылоону сунуштаганын белгилеген.