«Сыймык сак бол». Активист Мелис Аспеков кыйноолорго кабылганы тууралуу маалымат тарады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков кыйноолорго кабылганы тууралуу маалымат тарады. Аспековдун делген билдирүүсүн Арси Бек аттуу фейсбук колдонуучусу 12-майда жарыялады.

Активисттин жазган катында УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери аны үч ай бою «кыйнап бүтүштү» деп билдирген. Аспеков бул аракеттер кызматтын жетекчиси Бекбосун Апсатаровдун буйругу менен «Чоң Казат» партиясынын лидери Сыймык Жапыкеевге каршы «жалган көрсөтмө алуу үчүн» жасалып жатканын айткан.

«Талап кылгандары: тергөө менен кызматташып, Сыймык Жапыкеевге жалган жалаа жаап, чындыкка дал келбеген көрсөтмө алуу. Ошондо гана мени үй камагына бошотобуз деген. Адамгерчиликке жатпаган ыкмаларын кылышууда. Арам максаттарына жетиш үчүн мага психологиялык жана физикалык жактан залака келтиришти», — деп жазган Аспеков.

Ошондой эле Аспековдун божомолунда, Бекбосун Апсатаров 2009-жылы бозгун президент Курманбек Бакиевдин режимин сындаган журналисттерге кол салууга «түз байланышы бар».

*Аспеков өз билдирүүсүндө УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин сөздөрүнө таянып, Бакиевдерди сындаган оппозициячыл журналист Геннадий Павлюкту 2009-жылы өлтүрүүгө Апсатаровдун тиешеси бар экенин жазган. Сегизбаев «Азаттыкка» берген маегинде журналист Сыргак Абдылдаевге 2009-жылы болгон кол салууну Апсатаров башкарганын айткан. Анда белгисиз кишилер Абдылдаевге 21 жолу бычак сайган, бирок ал тирүү калды. Ал эми ачык булактардан Сегизбаев Павлюк тууралуу сөз кылгандыгы боюнча маалымат табууга мүмкүн болгон жок.

Ошондой эле Аспеков аны менен бирге Каржы полициясынын 10го чукул мурдагы кызматкерлери отурганын жана аларга дагы Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүү сунушу түшкөнүн билдирди.

*Сыймык Жапыкеев өткөн жылдын октябрь айында, бийлик алмашкандан кийин Каржы полициянын төрагасы болуп дайындалган, бирок ведомство Садыр Жапаров президент болуп, жаңы өкмөт түлгөндөн кийин жоюлуп кеткен.

«Ким билет, балким арасында Апсатаровдун кысымдарына чыдабай калп жалаа жапкандары болушу мүмкүн. Айтаарым, Сыймык сак бол — сен айласын таппай, келечеги бүдөмүк бийликтин ыңгайсыз адамы экенсиң. Жакынкы арада сени дагы, мага окшоп, калп кылмыш ишин токуп, камап салышы мүмкүн», — деп жыйынтыктаган сөзүн жарыяланган катта Аспеков.

Аспеков тууралуу жарыяланган маалыматта активисттин буттарына жаракат бар экенин тастыктаган акт да жарыяланган, ал 7-мартта түзүлгөн. Ошондой эле сүрөттөр да тиркелген. Актыга УКМКнын капитаны Н. Султангазиев кол койгон. УКМКнын басма сөз кызматы Аспеков тууралуу маалыматты тактоодо.

Аспековдун кармалышы

Садыр Жапаров жана Мелис Аспеков 8-октябрда

Мелис Аспеков жана «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон Улан Жураев 9-январда «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалышкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр «финансы полиция ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат» деп коркуткан.

Аспеков буга чейин президенттикке талапкер болгон Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын жетекчиси болгонун айткан. Ал эми бул дайындоого чейин Аспеков Жапаровдун кадрдык чечимдерине нааразычылыгын билдирип, Бишкектин борбордук аянтына боз үй тигип, ачкачылык жарыялай турганын убада кылган болчу.

Анткен менен Жапаровдун өкүлү Аспеков Жапаровдун штабына расмий жактан жана юридикалык жактан дагы тиешеси жок экенин билдирген. Бирок Аспеков Садыр Жапаровдун үгүт иш-чараларына катышып турган.

Ал эми Жапаров президенттик шайлоодо добуш берип чыгып, Аспеков тууралуу «ким болбосун [кылган иштери үчүн] жооп бериши керек» деген комментарий берген.

Көп өтпөй ЖМКларда Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берген деген маалымат тарап баштаган. Бирок УКМК жана Аспековдун жактоочусу бул маалыматты төгүндөшкөн. Ал эми Жапыкеев Аспеков менен «эч кандай мамилеси жок болгондугун» билдирген.

26-январда Улан Жураев тергөө менен кызматташууга макул болуп, үй камагына чыгарылган.

Жапыкеевдин кызматтан кетиши

Сыймык Жапыкеев

Ал эми Сыймык Жапыкеев Каржы полициясы жоюлгандан кийин Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган. Бирок бир ай өтпөй ал бул кызматтан кетүү жөнүндө арызын жазды.

Жапыкеев кызматтан кетерден мурда президент Садыр Жапаровдун бийлигин сындап, «президенттин кетирген каталары көп болуп кеткенин» билдирген. Айрыкча Жапыкеев өлкө башчы коронавирусту «уу коргошун» менен дарылоону сунуштаганын белгилеген.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.