Жапыкеев: Президенттин кетирген каталары көп болуп кетти

Ысык-Көл облусунун прокурору, жоюлуп кеткен финполициянын жетекчиси Сыймык Жапыкеев азыркы президент Садыр Жапаровдун кетирген каталары көп болуп кеткенин Super.kg порталына 26-апрелде курган маегинде билдирген.

Ал Жапаровдун кетирген каталарынын бири уу коргошунга байланыштуу экенин айтты. Анткен менен Жапыкеев уу коргошун менен коронавирусту дарыласа болорун айтканы үчүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди камап, кылмыш ишин козгоо керектигин белгиледи.

«Азыр президенттин кетирген каталары көп болуп кетти, адилеттүүлүк менен айтыш керек. Немеси корона... Уу коргошунду [менен дарылоону] мыйзамсыз дарыгерлик кылуу деп коёт, министрге иш козгош керек болчу, мыйзам бар. Бул иштердин [дарылоо] бардыгы протокол менен жасалат. Отуруп алып “мен өзүм кайнатам”, “канча экенин өзүм билем” десе болбойт да. Ушундай иштери үчүн министрге иш козгоп туруп камаш керек болчу. Министр дарылай бергидей лөлү же шаман эмес да», — деди ал.

Жапыкеев ден соолугуна байланыштуу Ысык-Көл облусунун прокурорлугунан кетүү тууралуу 28-апрелде арыз жазганы белгилүү болду. Ал бул кызматка 30-мартта дайындалган болчу.

Ысык-Көл тамыры менен дарылоо

Ысык-Көл тамырын COVID-19га каршы дары деп Садыр Жапаров өзү айтып чыккан. 15-апрелде ал социалдык тармактагы барактарында билдирүү жазып, жергиликтүү дарыгерлер «оору башталганда барсаңыздар бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты» деп билдирген. Бул ыкма — уу коргошун, же аконит менен дарылоо экени белгилүү болгон.

Этият болгула, бул өсүмдүк уулуу, аны туура эмес дозада ичүү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер басат жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындан улам адамдын деми кысылып, жүрөгү токтоп каза табышы мүмкүн.

Кийинчерээк Facebook компаниясы Жапаровдун постторун «жалган маалымат» деп өчүргөнү белгилүү болгон. Бирок президенттин аппаратынан Жапаровдун уу коргошун тууралуу билдирүүлөрү «тышкы кийлигишүүсү» жок эле өчүрүлгөнүн айтышкан.

Жапаровдун коронавирус менен ооругандарды уу коргошун менен дарыласа болот деп айткандарын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да кубаттаган.

Уу коргошундун зыяны жоктугун далилдөө үчүн Бейшеналиев 16-апрелде өткөн басма сөз жыйында түз эфирде кайнатма ичкен. Ошол эле басма сөз жыйында Бейшеналиев медиктер уу коргошундун тундурмасын коронавирус жана башка илдеттер менен ооруган бейтаптарга берип жатышканын да билдирген.

Бейшеналиев басма сөз жыйында тундурмага тамырды канча кошуу керектигин президент Садыр Жапаров гана аныктай алаарын билдирген.

Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети депутат Жанар Акаевдин Алымкадыр Бейшеналиевди ээлеген кызматынан бошотуп, ордуна компетенттүү кишини дайындоо сунушун колдогон. Министрге ишеним көрсөтпөөнү 9 эл өкүлү колдоп, комитеттин бөлүмү тиешелүү катты премьер-министр Улукбек Мариповго жолдорун билдирген. Кийин аталган комитет министр алардын жыйындарына келбей койгону үчүн аны кызмат ордуна дал келүүсүн парламенттин жалпы жыйынында кароо керектигин билдирип, чечим кабыл алышкан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 20-апрелде Бишкекте уу коргошундан (акониттен) төрт киши ууланганын кабарлаган. Алардын баары ооруканага оор абалда жеткирилген. Министрдин айтымында, ууланган төрт киши «алардын» кайнатмасын ичкен эмес, алар өз билемдик менен дарыланып жатышкан.

«Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө комиссия барып текшерген жана биздин дарылоодон кийин эч кандай абалы начарлоо болбогонун аныктаган [...] Жабыркагандар биздин кайнатманы алышкан эмес. Адамдар эмнеден ууланганын алгач сураш керек да. Булар онкологиялык оорусу бар адамдар экен, мурдатан эле өздөрү ичип жүрүшкөн. Ашказандын рак ооруларына илгертен эле уу коргошун ичишчү. Аларды дарылап жүргөн киши дозасын туура эсептебей койсо керек», — деген ал.

Дагы окуңуз:

Күндүн иллюстрациясы: Аконитмен — Кыргызстандын жаңы «куткаруучусу»

Жапаров коронавирустан «уу коргошун» айыктырарын айтты. Эксперттер аны колдонбоого чакырды