Ысык-Көл: Боз-Салкын жайлоосунан менчик эс алуу жайына топурак ташылганы аныкталды

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн тургундары Боз-Салкын жайлоосунун кыртышын бузуп топурак алынышына нааразы болушкан. Экотехинспекция топурак жеке менчик эс алуучу жайга төгүлгөнүн аныктап, райондук токой чарба башкармалыгын айыпка жыкты.

Тоң районундагы Төрт-Күл айылынын тургуну Улан Карыпбаев айыл өкмөт башчы Урмат Байсеркеев элге иштете турчу техникаларды өзүнүн менчик техникасындай пайдаланып, Боз-Салкын жайлоосунун жер кыртышын бузуп жатканын билдирген.

Бул тууралуу активист Фейсбуктагы «Каракол» тайпасына тасма жүктөп, Байсеркеев айылга тиешелүү техниканы өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатканын белгилеген.

«Айылга латок орното албай, эл сууга жетпей ызы-чуу болуп жатсак… Погрузчик бузук эмес эле, жаратылыштын кыртышын бузуп иштеп жатыптыр. Үч күндөн бери иштеп аткан экен, азыр бузулуп эч нерсеге жарабай калыптыр. Ал эле эмес бизге жаңы келген камазыбыз, ховабыз да иштеп атыптыр. Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн бардык техникасы 3 күндөн бери иштеп атыптыр», — деген Карыпбаев.

Карыпбаев «Клоопко» айыл өкмөт башчы жайлоону мыйзамсыз буздуруп, менчик эс алуучу жайына топурагын төктүргөнүн билдирди.

«Боз-Салкын жайлоосуна чет мамлекеттен туристтер көп келет, аябай кооз жайлоо. Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсеркеев жайлоону мыйзамсыз, эч кимден уруксат албай эле буздуруп, өзүнүн менчик эс алуу жайына топурак алып кетип жатат. Бир аз жогорку кызматта иштесе эле кызмат абалынан пайдаланып баарын жасай бериши керекпи?» — деп ал нааразы болду.

Карыпбаевдин айтымында, жайлоонун топурагын каздыруу жер кыртышын талкалап, экологияны бузат.

Айыл өкмөт жана токой чарба топурак алынганын четке кагат

Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Байсеркеев Боз-Салкын жайлоосунан топурак эмес, айдоо жери үчүн кык алганын айтты. Кыкты айылга караштуу техника менен төктүргөнүн ырастады

«Менин айыл өкмөт башчы болуп иштегениме үч жыл болду. Жакында кызматымды өткөрүп берем. Айылдагы айрым активисттер мени каралап, ар кандай нерселерди чыгарып жатышат. Ал жакта кой тоскон атайын үстү ачык короо бар болчу. Ичи кык болуп калгандыктан, ошону бузуп, кыктарды тазалап, түздөп жатышкан», — деди Байсеркеев.

Ал өзүнүн жеке менчик эс алуучу жайы бар экенин белгилеп, бирок ал жакка эч кандай топурак төктүрбөгөнүн кошумчалады.

Боз-Салкын жайлоосу Тоң районунун токой чарба башкармалыгына тиешелүү жер. Башкармалыктын жетекчиси Эркинбек Асанкадыр уулу жер кыртышы бузулбай эле, көчөткана уюштурулуп жатканын айтат.

«Боз-Салкын жайлоосунун жер кыртышын бузган жокпуз. Тескерсинче көрктөндүрүү үчүн көчөткана уюштуралы деп жатабыз. Ал жердеги кыкты айылдын техникаларын алып тазалап жатканбыз. Айыл тургундарынын эч кандай маалыматы жок болгондуктан түшүнбөстүк келип чыкты. Ал жердин топурагын алып эмне кылмак эле? Болгону жайлоонун сапатын жыкшыртып, жашылдандыралы деген эле ой», — деди ал.

Токой чарбасына 56,5 миң сом айып пул салынды

Төрт-Күл айылынын айрым активисттери жер кыртышынын бузулуп жатканы тууралуу Ысык-Көл облустук экотехинспекция башкармалыгына арыз жазышкан. Арыздын негизинде текшерүү иштери жүргөн.

Тоң районунун акими Айбек Тилебалдиев «Клоопко» райондук токой чарба башкармалыгына тиешелүү Боз-Салкын жайлоосунан топурак ташылганын тастыктады. Мындан улам мекемеге 56,5 миң сом айып салынды дейт.

«Ал жерден топурактын ташылганы чын. Экотехинспекция топурактын өлчөмүн эсептеп, үч-төрт хова ташылганын аныктады. Анын негизинде токой-чарба башкармалыгына топуракты мыйзамсыз бергени үчүн 56,5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды», — деди ал.

Тилебалдиевдин айтымында, топурак төгүлгөн эс алуу жери айыл өкмөткө тиешесиз болгондуктан, алардын ишине аралаша алган эмес.

Авторлор: Найзабек Мукамбетов, Дилде Шатанова