COVID-19: Сегиз бейтап каза тапты, 404 адамдан вирус аныкталды

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустан 8 бейтап көз жумду. Алардын 4 учуру Бишкекте, үчөө Чүй облусунда жана бир учуру Таласта катталды. Бул тууралуу Республикалык штабтан билдиришти.

Штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери вируска чалдыккан 1 695 адам көз жумду. Алардын баарында коронавирус тастыкталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, COVID-19 акыркы суткада 404 адамдан аныкталган. Баткен облусунда илдет жуктурган учур катталган эмес.

  • Бишкек — 294;
  • Чүй облусу — 65;
  • Ысык-Көл облусу — 20;
  • Нарын облусу — 9;
  • Жалал-Абад облусу — 9;
  • Ош — 4;
  • Ош облусу — 2;
  • Талас облусу — 1.

Министрликтин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери жалпысынан коронавирус жуктуруунун 100 249 учуру катталган.

Штабтан билдиришкендей, сутка ичинде 349 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми өлкө боюнча пандемия башталгандан тартып COVID-19дан же ооруканадан сырткары пневмониядан 93 302 бейтап айыккан.

Сутка ичинде дарыгерлер арасында вирус жуктуруунун 12 учуру аныкталган. Пандемия башталгандан тартып 4 539 медик илдет жуктурган, алардын 4 468 айыгып чыгышкан.

15-майга карата ооруканаларда COVID-19 илдетинен 1 717 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 90 адам абдан оор абалда. Мындан тышкары, 2 524 адам үй шартында дарыланып жатат.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө башталгандан бери 15-майга чейин өлкөдө 50 775 адам вакцинациядан өткөнүн, алардын ичинен 10 886 адамга вакцинанын экинчи дозасы сайылганын билдирди.