АКШнын элчиси Дональд Лу Кыргызстандагы дипломаттык ишин жыйынтыктады

АКШнын элчиси Дональд Лунун Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы аягына чыкты. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ведомство 15-майда ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Дональд Лу менен жолугушуп, АКШ менен Кыргызстандын ортосунда соңку жылдар аралыгындагы өз ара кызматташтыктын жыйынтыгы чыгарылганын белгиледи. Тараптар кызматташтыктын перспективалуу багыттарын, келерки эки тараптуу байланыштын графигин дагы талкуулашты.

«Тараптар регионалдык коопсуздук, ошондой эле тараптардын укук коргоо органдарынын ортосунда кызматташууну бекемдөө маселелерине да токтолушту», — деп белгилешти ТИМден.

Буга чейин АКШнын президентди Жо Байден Дональд Лунун талапкерлигин АКШнын түштүк жана Борбор Азия боюнча мамкатчысынын кызмат ордуна көрсөткөн.

Доналд Лу деген ким?

Дональд Лу АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп 2018-жылдын 18-сентябрында дайындалган. Ал Кыргызстандын саясий турмушуна активдүү аралашып, коррупциянын тамырын кыркуу, УКТ менен күрөшүү тууралуу байма-бай айтып келген.

Элчи уюшкан кылмыштуулук, Райымбек Матраимов менен Камчыбек Көлбаевдин кармалышы тууралуу да айтып жүргөн. Ал бийликтин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кадамдарын «жетишсиз» деп атаган.

Ошондой эле элчи кримтөбөл Камчы Көлбаев менен Матраимовдун кармалышын «Голивуддун мафия тууралуу киносуна окшоштуруп», бирок бул күрөштүн «башталышы гана болушу керек» деп билдирген.

Ал 14-майда «Азаттыкка» маек куруп, «Көлбаев жана Матраимов сыяктуу уюшкан кылмыштуу топтун лидерлерин жоопко тартуу үчүн биздин өкмөттөр болуп көрбөгөндөй тыгыз иштешип жатат» деп айткан.

Ошондой эле Лу, «Кыргызстандагы революциялар чет элдик күчтөрдүн ойлоп тапкан оюну эмес» деп билдирген.

«Алар Вашингтондун, Москванын же Бээжиндин кылган аракеттеринен келип чыккан жок. Алар кыргыз элинин коррупция, туура эмес башкаруу жана эбегейсиз бийлик кумарынан тажагандагы реакциясы болгон», — деп эсептейт.

Ал бул революциялар кыргыз президенттерине эртели-кеч эл алдында жооп бере тургандыгын эстен чыгарбашы керек деп дагы белгиледи.