Байден АКШнын Кыргызстандагы элчисин мамкатчынын жардамчысы кылып дайындашы мүмкүн

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги президент Жо Байден Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Дональд Луну АКШнын мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызматына дайындоого ниеттенип жатканын билдирди.

Ошентип, ал бир гана Кыргызстан эмес, Борбор Азиянын дагы төрт мамлекети менен да иштешет. Ошондой эле, бюрого Индия, Пакистан, Афганистан, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш, Мальдив аралдары жана Бутан кирет.

«Элчилик элчи Лу Вашингтондон жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен кыргыз-америкалык мамилелерди тереңдетүү боюнча ишин улантаарына кубанычта», — деп элчиликтен билдиришти.

🇺🇸 👏 | АКШнын Бишкектеги элчилиги Президент Джо Байдендин President Joe Biden АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси...

Posted by U.S. Embassy Bishkek, Kyrgyz Republic on 2021-ж., 23-апрель, жума

Дональд Лу 2018-жылдын 18-сентябрында АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган. Ал Кыргызстандын саясий турмушуна активдүү аралашып, коррупциянын кабыл алынгыстыгы жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жөнүндө көп жолу ой-пикирин билдирген.

Лу уюшкан кылмыштуулук (УКТ), Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаевдин кармалышы тууралуу айткан. Ал бийликтин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кадамдарын «жетишсиз» деп атаган.

Элчи Көлбаев менен Матраимовдун кармалышы «Голивуддун мафия тууралуу киносуна окшоп кетет» жана ал азыр бүтө элек деген оюн билдирген.

«Кинонун кандайча бүтөөрүн айтып берейин. Өкмөт кылмышкерлерди жоопко тартып, аларды жазалайт. Ал [өкмөт] алардын кылмыштуу уюмдарынын кыргыз элинин ырыскысын уурдоодон коргоп, кылмышкерлердин сиздин балдарыңызды баңгизат менен ууландыруусуна жол бербейт. Бирок бул нерселер кайраттуу адамдар каршы чыкканда гана жасалат», — элчи ушундай ойдо болгон.

Бирок жыйынтыгында Көлбаев да, Матраимов да камактан чыгарылган.

2-мартта Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаевди эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан бошоткон. Кийинчерээк Көлбаевдин туугандары кылмыш жолу менен табылган кирешелер иши боюнча депозиттик эсепке 49,6 миллион сом которушкан. Атайын кызматтар бул иш боюнча келтирилген зыяндын суммасы 250 млн сомдон ашат деп билдиришкен.

Көлбаев камактан чыгарылгандан кийин АКШ элчилиги «Америка Кошмо Штаттары баңги заттарын сатуу, адам сатуу, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш иш-аракеттери менен алектенген кылмыштуу тармагы бар, эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, киши өлтүрүү үчүн жоопко тартылган Камчыбек Көлбаевдин бошотулушуна байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет» деген билдирүү жарыялаган.

Президент Садыр Жапаров 15-мартта АКШ кыргыз өкмөтүнө кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баңгизат сатууга тиешеси бар-жогунун далилдерин бере элек деп билдирди. Бул тууралуу президент «Азаттык» үналгысына курган бир сааттык маегинде айткан.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын администрациясы 2011-жылы Көлбаевди эң чоң баңги төбөл катары тааныган. Ал эми 2012-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу уюмдун бир бөлүгү деп билдирген. Ошондой эле, 2017-жылы АКШнын Финансы министрлиги «мыйзамдагы ууруну» кара тизмеге киргизген. Көлбаев криминалдык дүйнөдө «Коля-киргиз» каймана аты менен таанымал. Ал эми иликтөөчү-журналисттер Көлбаев менен бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун байланышын аныктаган.

Апрелдин ортосунда УКМК чет өлкөлөрдө Матраимовго жана анын жубайына таандык мүлктөр табылбаганын жүйө кылып, «Кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу» беренеси боюнча экс-бажычынын үстүнөн козголгон ишти кыскарткан. Ошол эле кезде, журналисттик иликтөөлөрдө коррупцияны уюштурууну моюндаган мурдагы бажы аткаминеринин чет өлкөлөрдө мүлкү болгонунун далилдери келтирилген.

Матраимовго карата кылмыш иши кыскартылганы белгилүү болгондон кийин АКШнын элчилиги «уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) башчысы Райымбек Матраимовдун бошотулушу көңүл калтыраарлык иш экенин» билдирген. Элчилик Матраимов бажыда коррупциялык схеманы түзүп, натыйжада Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ доллары чыгарылып кеткени үчүн «Магнитский тизмесине» киргизилип, ага визалык санкциялар колдонулганын да белгилеген.

«Супер эс алуу!» Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу