Күч органдары «Кумтөр Голд» ишканасынын кеңселеринде тинтүү жүргүздү — ЖМК

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын Бишкектеги кеңсеси

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринен турган тергөө тобу «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын Бишкек шаарындагы кеңсесинде тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу «Кактус» басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.

УКМКнын басма сөз кызматынан «Клоопко» ишкананын кеңсесинде тергөө иш-чаралары жүргөнүн тастыкташты. Ал эми компания комментарий берүүдөн баш тартты.

Мындан сырткары, «24.kg» басылмасы тергөө тобу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кумтөр алтын кенинде дагы тинтүү жүгүзгөнүн кабарлады.

«Кумтөр Голд Компаниге» сырттан башкаруу киргизүү

Президент Садыр Жапаров 14-майда «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койду. Бул өзгөртүүлөр кен казуучу компанияларга тийиштүү болот: эгерде компаниянын жетекчилиги жергиликтүү тургундардын жашоосуна, ден соолугуна жана экологияга коркунуч жаратып, бирок аларды жоюу боюнча чараларды көрбөй жатса — Министрлер кабинети компанияга сырттан башкаруу киргизе алат.

Башкача айтканда, кенди иштеткен акционердик коомдун жетекчилиги компанияны башкаруудан четтетилип, ишкана Министрлер кабинети тарабынан дайындалган кишинин (же юридикалык жактын) башкаруусуна өткөрүлөт.

Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген депутат Акылбек Жапаров Кыргызстанда бир гана ушундай компания бар экенин белгилеген — ал «Кумтөр Голд Компани». Бул өзгөртүүлөр Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия «Кумтөр Голд Компани» алтын казуучу компаниянын ишмердүүлүгүн текшерип чыккандан кийин кабыл алынды.

Бишкектин Октябрь райондук соту 7-майда алтын өндүргөн «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Буга төрт жаран Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып сотко кайрылганы негиз болгон.

Сотко доо арыз менен кайрылган доогерлердин экөөсү адамды барымтага алуу иши боюнча айыпталуучу катары өтүшкөн — бул иште президент Садыр Жапаров дагы фигурант болгон.

Кийинчерээк Акылбек Жапаров жетектеген комиссия Кумтөр кенин иштеткен Centerra Gold акционердик коомунан («Кумтөр Голддун» башкы компаниясы) 4,2 млрд доллардан ашык каражат өндүрүүнү сунуштаган. Анын ичинен 3 млрд 86 млн доллар экологиялык зыян үчүн, 1 млрд 166,5 млн доллар салык жана айып пулдар. Эгер ишкана бул акчаларды төлөй албаса, анда анын мүлктөрү — анын ичинде алтын кени Кыргызстанга өткөрүлөт.

Ошондой эле Акылбек Жапаровдун айтымында, Centerra Gold компаниясынын кызыкчылыгын коргогон юристтер эгерде Кыргызстандын бийлиги 45 күндүн аралыгында сүйлөшүүгө барбаса, компания келишим бузулду деп Арбитраждык сотко берерин эскерткен. Өз кезегинде Жапаров кыргыз бийлиги алтын казуучу компания менен соттошкону даярданып жатканын билдирген.

Эл аралык соттогу териштирүү жарым жылдан он жылга чейин созулушу мүмкүн болгондуктан Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын май айынан тартып өндүрүлгөн алтынды Кыргызстандын ичинде калтырууну сунуштады.

Мындан сырткары Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы «Кумтөр Голд» компаниясынын жетекчилерин Кумтөр кенинде адам өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу суракка чакырды. Бирок алар чет өлкөгө чыгып кетишкен.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң ири алтын кени, анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет. Кыргызстан компаниянын 26%дык үлүшүнө ээлик кылат. Компаниянын айланасында болуп жаткан акыркы окуялардан улам анын акциялары 30%га арзандап кеткен.

Кумтөрдүн ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын 14-майдагы жыйыны жабык өткөн. Ошол эле күнү Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компанини» дагы 2,1 млрд сом төлөп берүүгө милдеттендирди — бул компаниянын камсыздандыруу салымдары боюнча карыздарынын суммасы.

Ошондой эле, парламентте Кумтөрдүн айланасындагы маселелер 17-майда да талкууланат. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, кезексиз жыйында президент Садыр Жапаров кайрылуу жасайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

4,2 млрд $ доо, келишимди бузуу. «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссиянын сунушу

Ишканаларды сырттан башкарууга жол ачкан мыйзам долбооруна Кумтөрдүн кандай тиешеси бар?