Билимди баалоо борбору: ЖРТнын упайын сатып алуу мүмкүн эмес

Жалпы Республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) упайын акчага сатууну сунуштаган шылуундар пайда болду. Бул тууралуу «Клоопко» Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жеткечиси Чынара Батракеева билдирди. Ал ЖРТнын упайын сатып алуу мүмкүн эмес экенин белгилеп, жарандарды шылуундарга ишенбөөгө чакырды.

ЖРТнын упайын акчага сатуу боюнча «Телеграмда» атайын тайпа түзүлгөн. Ал жерде упайларды саткан команда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жана билим берүү министрлигинин өкүлдөрү экени жазылган. Тайпада белгилүү бир упай үчүн тийиштүү баа көрсөтүлүп, төлөм жолдору белгиленген.

«Шылуундардын ЖРТнын упайын сатуу боюнча кылып жаткан иштери элдин жалпы республикалык тестрлөөгө болгон ишенимин төмөндөтөт. Шылуундар ортодон акча табууну көздөп жатышат. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору жана билим берүү министрлигинин кызматкерлеринин ЖРТнын упайларын өзгөртүп, бөлүштүрүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Бул иштер түздөн түз алдамчылык», — деди ал.

Батракееванын айтымында, тесттин жооп ачкычтары алдын ала чыгарылбайт. ЖРТнын туура жооптору атайын процедуралардын негизинде өлкө боюнча ЖРТ толук бүткөндөн соң чыгарылат.

Телеграм каналдын скриншоту

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору азыркы учурда телеграм группанын шилтемесин тийиштүү органдарга берип, расмий кат аркылуу кайрылуу жасаган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Борбордун жетекчиси Батракеева өткөн жылдары дагы ЖРТнын жыйынтыгын жогорулатып берүү боюнча алдамчылар чыкканын билдирди. 2020-жылы «Вотсапта» атайын группалар түзүлгөн. Ал эми мындан үч жыл мурда алдамчы аял ЖРТнын упайын өзгөртүп берүү боюнча акча алган. Анын негизинде сот иштери өтүп, аялга тийиштүү чара көрүлгөн.

17-майдан 23-майга чейин мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев 2-мартта билдирген.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2020-2021-окуу жылында мектепти 61 817 бүтүрүүчү аяктап жатат. Ал эми ЖТР тапшыруу үчүн 42 817 адам каттоодон өткөн. Бирок министрликтин басма сөз кызматы ЖРТга катталган окуучулардын саны өзгөрөрүн белгиледи. Себеби, тестирлөө үч тур менен өткөрүлгөндүктөн, жетишпей калган окуучулар да катталышы мүмкүн.

2019-2020-окуу жылында Жалпы республикалык тестирлөө коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин жарыялангандыктан кечирээк, июнь айында өткөрүлгөн. Ал эми жогорку окуу жайларга тапшыруу атайын платформанын жардамы менен онлайн режимде жүргүзүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Билим берүү министрлиги ЖРТ качан жана кандайча өтөрүн айтып берди