Акылбек Жапаров журналисттерди Кумтөр боюнча иликтөөгө көмөктөшүүгө чакырды

Депутат жана «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров 20-майдагы маалымат жыйынында журналисттерди алтын казуучу компаниянын ишин иликтөөгө көмөктөшүүгө чакырды.

Анын айтымында, мамкомиссия иштин биринчи баскычын аяктады, эми ал «ачык-айкын иштейт». Жапаров билдиргендей, мамкомиссиянын иши керектүү документтер менен маалыматтарды алууда тоскоолдуктарга кабылган.

«“Центерра” көптөн жылдар бою акча таратып, көптөгөн ЖМКларды сатып алып, маалыматтык айдыңды ээлеп алган. Бул дагы бизге тоскоол болду, бирок ага карабастан иштин биринчи этабын бүтүрдүк. Биз мындан ары силер менен [журналисттер менен] ачык-айкын иштешүүгө даярбыз. Журналисттик иликтөөлөрдү силер менен бирге жасоого даярбыз. [...] Эгерде силерге кандайдыр бир темалар кызык болсо, анда биз силер менен ошол темаларды изилдөөгө даярбыз», — деди ал.

Ошондой эле, Жапаров журналисттерге 2012-жылдагы депутаттык комиссиянын (Садыр Жапаров жетектеген), 2013-жылдагы мамкомиссиянын (Темир Сариев жетектеген) жана 2021-жылдагы мамкомиссиянын (Акылбек Жапаров жетектеген) отчёттору таанышуу үчүн берилерин билдирди.

«Кумтөрдүн» айланасында эмне болуп жатат?

Кумтөр — Ысык-Көл облусунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири алтын кени. Аны Канаданын Centerra Gold Inc. иштетип келет. Кыргызстан Centerraнын акциясынын 26%на ээлик кылат. «Кумтөр Голд Компани» ишканасы Centerra Gold Inc. аркылуу башкарылат. «Кыргызалтын» Centerra Gold Inc ишканасынын акциясынын 26%на ээлик кылат.

Парламентте 17-майда Кумтөр кенине жана алтын казуучу «Кумтөр Голд Компани» ишканасына байланышкан кезексиз жыйын өткөн. Анда 91 депутат «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоого макулдугун берген.

Ошол эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр Голд Компанинин» сырткы башкаруучусу кылып дайындаган.

7-майда, Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ал эми 15-майда Октябрь райсоту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары бар болгондуктан кошумча дагы 2,1 млрд сом төлөп берүүгө милдеттендирген.Ошондой эле 15-майда укук коргоо органдары «Кумтөр» компаниясынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүшкөн.

Жогорудагылардын баарынан улам Centerra Gold Inc.Кыргызстандын өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга кайрылган.

Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) мамлекеттин компанияны «жутуп алуусу» Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүнү да, республиканын инвесторлор алдындагы беделин да түшүшүрүп коркунучка кептээрин билдирген.

Канаданын өкмөтү да Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал». Ошондой эле Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкаруучу дайындалганына кыргыз өкмөтү өзүнө алган милдеттерин бузуп, «кенге карата көзөмөлдү тартып алды» деп жооп берген.

«Мындан ары Centerra Gold Кумтөр кенин көзөмөлдөбөйт жана кызматкерлердин, кендин ишмермердүүлүгүнүн коопсуздугун камсыздай албайт. Өкмөт кен жайын өз карамагына тартып алганга чейин, негизги коопсуздук, мониторинг жана эксплуатация бардык системалар талапка ылайык иштеп жаткан», — деп белгилешкен компаниядан.

Мындан тышкары, «Кыргызалтынга» компаниянын акцияларын сатууга жана алмаштырууга тыюу салынган, ал эми мамлекеттик ишкана жана ага байланышкан компанияларга төлөнө турган дивиденттердин баары Centerra Gold Inc компаниясына өткөрүлөт.