COVID-19дан алты адам каза тапты, жаңы 298 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 21-майда өлкөдө коронавирустун 298 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында үч медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 170 (эки медкызматкер);

Чүй облусунда — 69;

Ысык-Көл облусунда — 21;

Нарын облусунда — 12;

Ош шаарында — 10;

Ош облусунда — 5;

Талас облусунда — 5 (бир медкызматкер);

Жалал-Абад облусунда — 4.

Ошондой эле өткөн суткада 311 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 178, Чүй облусунда — 89, Ысык-Көл облусунда — 19, Ош шаарында жана Нарын облусунда алтыдан, Жалал-Абад облусунда беш, Баткен облусунда төрт, Талас облусунда үч жана Ош облусунда бир киши оорудан сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында жана Чүй облусунда үчтөн бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 101 878ге жетти. Оорудан 95 114 бейтап айыгып, 1 735 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 551 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 76сы өтө оор абалда. Мындан сырткары 2 459 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.