Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматынын статс-катчысы Жылдыз Нурматова «алдамчылыкка» шектелүүдө

Жылдыз Нурматова

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматынын статс-катчысы Жылдыз Нурматованы «алдамчылыкка» шектеп кармады.

Маалыматка ылайык, Нурматова 2020-жылдын октябрь айында «Ж.И.» аттуу жарандын ишенимине кирип жана кызматтык абалынан пайдаланып 22 700 АКШ доллар алган. Шектүү жабырлануучуга тийиштүү компаниянын товарларын жана кызматтарын сатып алуу боюнча тендерге катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүп берерин убадаланганы айтылды.

«Мунун менен катар, ал көрсөтүлгөн каржылык колдоо үчүн, ал арыз ээсине мамлекеттик кызматка орношууда ар тараптуу жардам көрсөтөт, ал бюджеттик каражаттардын эсебинен чет өлкөгө тез-тез иш сапарларына барып турат. Мыйзамсыз иш-аракеттерин жымсалдоо үчүн Жылдыз Нурматова насыяга алынган каражаттардын кандай максатта колдонулганын көрсөткөн тиешелүү келишим түзгөн», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.

Жабырлануучу Нурматованын аракеттерине атайын кызматка арыз менен кайрылып, бул факты «Алдамчылык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ал эми Нурматованын иш бөлмөсүн жана жашаган жерин тинтүү учурунда ар кайсыл маморгандарга жана коммерциялык түзүмдөргө таандык мөөрлөр табылган. Алар жасалма документтерди даярдоого колдонулган болушу мүмкүн. Андан тышкары, мыйзамдуулугу шек жараткан товар жеткирүү жана кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдер табылган.

Учурда УКМК Нурматова катышкан башка мыйзамсыз фактыларды аныктоо иштерин жүргүзүп жатат.

Атайын кызмат 20-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаевди да кармады. Ал «Коопсуз шаар» долбооруну ишке ашырган чет элдик компанияга долбоор боюнча келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оң чечип берүү үчүн «ири өлчөмдөгү пара опузалоого» шектелип жатат.