«Манас» аэропортунда Кореянын компаниясы COVID-19га ПЧР-тест тапшыруу үчүн лаборатория ачты

Кореянын «BS Group» компаниясы 21-майда Бишкектин «Манас» аэропортунда коронавируска ПЧР-тест тапшыруу үчүн лаборатория ачты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Лаборатория ачылганы тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповдун Түштүк Кореянын «BS Group» корпорациясынын төрайымы Пак Хё Рин менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Лабораторияда бир күндө ПЧР-тесттен 14 миңге чукул адам өтө алат, ал эми жыйынтыгы тесттен тапшырылгандан кийин бир саатта даяр болот.

«Өлкөдө жакында туристтик сезон ачылаарын эске алуу менен, республика аймагындагы мындай лабораториянын ачылышы туристтерди тартуу жаатында чоң мааниге ээ. Биздин милдет - Кыргызстанды СOVID-19дан эркин өлкөгө айландыруу», — деди жолугушууда Пак Хё Рин.

21-майга карата маалыматка ылайык, өлкөдө пандемия башталгандан бери COVID-19 жуктуруунун 101 878 учуру аныкталган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия убагында 1 735 адам коронавирустан каза тапкан.