Өлкөдө COVID-19дун 325 учуру катталып, сегиз киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Дмитрий Мотинов, Клооп үчүн.

Республикалык штаб 23-майда Кыргызстанда коронавирустун 325 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында сегиз медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 262 (алты медкызматкер);

Чүй облусунда — 19;

Ысык-Көл облусунда — 18;

Ош шаарында — 8 (бир медкызматкер);

Ош облусунда — 8 (бир медкызматкер);

Нарын облусунда — 6;

Талас облусунда — 3;

Жалал-Абад облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада коронавирустан 365 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 240, Чүй облусунда — 70, Ысык-Көл облусунда — 16, Ош облусунда — 14, Жалал-Абад облусунда — 11, Ош шаарында — жети, Баткен облусунда — алты, ал эми Нарын облусунда бир киши оорудан сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында төрт, Чүй облусунда үч жана Ысык-Көл облусунда бир бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 102 миң 511ге жетти. Оорудан 95 миң 811 бейтап айыгып, 1 751 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 555 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 81и өтө оор абалда. Мындан сырткары 2 369 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.