«Кримтөбөлдүн өкүл уулу». Кара-Сууга аким болгон Ногоев жөнүндө эмне белгилүү?

Ош облусунун Кара-Суу районуна Турусбек Ногоев аким болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 22-майда президент Садыр Жапаров кол койду.

Ногоев Кара-Сууга ротацияланып келди. Жети ай мурун райондун мурдагы акими Тилек Матраимов кызматтан алынгандан кийин аймакка аким дайындалбай турган.

Ногоев өзү ким?

Турусбек Ногоев 51 жашта. Жайыл районунун Бекитай айылында тууруп-өскөн. Интервьюларынын биринде Ногоев 1991-жылдан 2010-жылга чейин мектепте мугалим, директор болуп иштегенин айткан.

Ал эми 2011-жылдан тарта Жайыл районунун акиминин орун басары болгон. Акимчиликтин өзүнө 2014-жылы дайындалган.

Ошол эле жылы ошол кездеги ички иштер министри Абдылда Суранчиев парламенттин жыйынында УКТ менен байланышы бар делген 20дай кишинин атын атаган — анын арасында Ногоев да бар болгон. Суранчиевдин айтымында, Ногоев кримтөбөл Алмазбек Бокушевдин өкүл уулу.

Ногоев муну өзү да тастыктап, Бокушевди өкүл атасы катары анын ата-энеси тандаганын билдирген. Ошондой эле «байланышып турушаарын» айтып, «бирок бири-бирибиздин жеке жашообузга кийлигишпейбиз» деген.

Жайыл районун жетектеп турганда, 2016-жылы, ага катуу сөгүш жарыяланган. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ногоевдин жумушунда «коомдук-саясий кырдаалды көзөмөлдөөдө, укук коргоо органдарынын жана администрациядагы мекемелердин ишин координациялоодо кемчиликтер аныкталган».

Ошондой эле Ногоев «калк менен иштөөдө пассивдүүлүгүн көрсөткөнү» айтылган.

Кара-Сууга аким дайындоо

Кара-Суу районун буга чейин түштүктөгү таасирлүү кландын мүчөсү, бажы кызматынын экс-төрагасы Райымбек Матраимовдун иниси Тилек Матраимов сегиз жыл башкарган.

Матраимов 5-октябрдагы толкундоолордон кийин ыйгарым укуктарын өткөрүп берген. Ошол эле күнү ал Өзбекстан аркылуу чыгып кетүүгө аракет кылганда чек арадан кармалып, Кыргызстандын УКМКсына өткөрүлүп берилген.

9-октябрда Ош шаардык соту Тилек Матраимовдун кармалышын мыйзамдуу деп таап, бир айга УКМКнын Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизген. Бирок сот 15-октябрда Тилек Матраимовду үй камагына коё берген.

Буга чейин райондун акимчилигине 74 киши талапкерлигин көрсөткөнү айтылган.