«Кыргызалтын» Центерранын 29 млн доллар боюнча айыптоосуна жооп берди

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы Канаданын Centerra Gold компаниясынын мамишкана жасалма документтер аркылуу 29 млн долларды чыгар кетүүгө аракет кылган деген айыбына жооп кайтарды.

Centerra’нын версиясы боюнча, «Кыргызалтын» ААКы 12-майда мыйзамсыз банк эсебине 29 млн доллар которууга аракет кылган. Компаниянын маалыматына ылайык, каражатты которуу үчүн үчүнчү жакка жөнөтүлгөн жасалма төлөм тапшырыгы колдонулган.

«Эсеп “Кумтөр голд компанинин” атына ачылган болушу мүмкүн», — деп айтылат Centerra”нын билдирүүсүндө.

«Кыргызалтын» билдирүүгө карата жообунда жасалма документ жасаган деген айыптоо «таң калтырганын» айткан.

«Ал күндөрү, андан кийин деле “Кыргызалтын” эч кандай төлөмдөрдү жүргүзгөн эмес, дегеле жасалма документ жасоо менен алектенбейт», — деп билдиришкен компаниядан.

Ошондой эле компания Centerraны «”Кыргызалтындын” дарегине обу жок айыптоолорду айтуудан карманууга» чакырды.

Документтер жасалмаланганы тууралуу билдирүүдөн тышкары, Сenterra ошол эле билдирүүсүндө Онтарионун Жогорку сотуна «Кумтөргө» тышкы башкаруучу болуп дайындалган Теңгиз Бөлтүрүктү сотко берип жатканын билдирген.

Centerra сот аркылуу Бөлтүрүктүн Кумтөр кенин башкарууга түз же кыйыр катышуусуна тыюу салдыргысы келет. Билдирүүдө Бөлтүрүктүн компаниянын алдындагы бузууларына жооп иретинде сот дооматы коюлганын жана «кыргыз өкмөтүнүн жакында эле Кумтөр кенин басып алуусуна байланыштуу» экени айтылат.

Кумтөрдүн айланасындагы окуялар

Соңку бир нече апта ичинде Кумтөр* кени коомчулуктун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын көңүлүнө бурулду.*Кумтөр — Ысык-Көл облусунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири алтын кен. Аны Канаданын Centerra Gold Inc. иштетип келет. Кыргызстан Centerraнын акциясынын 26%на ээлик кылат. «Кумтөр Голд Компани» ишканасы Centerra Gold Inc. аркылуу башкарылат.

Алгач, 7-майда, Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Ага чейин бир күн мурда, 6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда компаниялардын биринде тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Дагы окуңуз: «Кумтөрдү» сотко бергендер мурда адамды барымтага алуу боюнча соттолгон. Алар кимдер?

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошондой эле депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми 18-майда бийлик Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучу кылып дайындаган.Мындай чечимге Канаданын өкмөтү реакциясын билдирип, Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».

Centerra Gold өзү Кыргызстандын өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга кайрылган. Компаниядан бийликтин бул аракети эки тараптын кол койгон келишимдерин бузат деп эсептейт жана өз укугун коргоого ниеттенип жатат. Бирок мурдагыдай эле өкмөт үчүн талаш-тартыш жараткан маселе боюнча конструктивдүү диалогго келүү макулдугун билдирген.