Кыргыз бийлиги 15-16-майда «Кумтөр» кенине көзөмөлдү тартып алды — Centerra Gold

Centerra Gold компаниясы 17-майда Кыргызстандын парламентинин Кумтөр кенине жана ага таандык Centerra компаниясынын «Кумтөр Голд Компани» ишканасына убактылуу тышкы башкаруучу киргизүү чечимине жооп кылып билдирүү жасады.

Компаниядан белгилешкендей, парламент 2021-жылдын 6-майында бир күн ичинде кабыл алынган, Centerra Gold менен «Кумтөргө» карата гана колдонула турган жаңы мыйзамга ылайык аракет көрүүнү көздөгөн.

«Парламенттин бүгүнкү аракети Кумтөр кениндеги “Кумтөр Голд Компани” менен Centerraнын укугун, анын ичинде өкмөттүн биздин алдыбыздагы көп жылдык инвестициялык келишимдерди бузуу болуп эсептелет. Ушул жана жакында эле болгон аракеттер аталган келишимдерге же колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык эч кандай актоого жатпайт», — деп байкашты Centerra Gold мекемесиндегилер.

Компаниядан Кыргызстандын өкмөтү үстүбүздөгү жылдын 15-16-майында Кумтөргө, «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын Бишкектеги кеңсесине, ошондой эле компаниянын бир нече кызматкеринин үйүнө укук коргоо кызматкерлерин жөнөтүү менен кенди көзөмөлдөөнү тартып алганын билдиришти.

«Мындан ары Centerra Gold Кумтөр кенин көзөмөлдөбөйт жана кызматкерлердин, кендин ишмермердүүлүгүнүн коопсуздугун камсыздай албайт. Өкмөт кен жайын өз карамагына тартып алганга чейин, негизги коопсуздук, мониторинг жана эксплуатация бардык системалар талапка ылайык иштеп жаткан», — деп белгиленет билдирүүдө.

Компания кошумчалагандай, Centerra мындай системалардын бирин да иштен чыгарган эмес жана кен кадимкидей иштеп жаткан. Ал эми Кыргызстандын парламентинде мөңгүлөрдү көзөмөлдөө жана байкоо жүргүзүү системасын Centerra өчүргөнү, ал кыйроого алып келиши мүмкүндүгү айтылган.

Centerra компаниясынын маалыматына караганда, «Кыргызстандын өкмөтүнүн жосунсуз жоругунан улам» компания «эч кандай уруксатсыз кирип келүүгө» жол бербөө үчүн «Кумтөрдүн» Кыргызстандагы жергиликтүү кызматкерлерин Centerra компаниясынын глобалдык IT-системасына кирүүсүн токтоткон. Бул системалардын бири дагы кенди коопсуз иштетүүгө талап кылынбай турганы белгиленген.

Компания өз билдирүүсүндө кыргыз өкмөтүн кен кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоого, «мындан аркы кастык аракеттерден», анын ичинде документтерди жана компьютерлерди алууга байланышкан аракеттерден, кылмыш иши козголот деп атайын кызматтардын жөнсүз коркутууларына кабылган «Кумтөрдүн» улук кызматкерлерин кысым кылганды токтотууга үндөйт.

«Биз мурдагыдай эле өкмөт үчүн талаш-тартыш жараткан маселе боюнча конструктивдүү диалогго келүүгө макулбуз жана даярбыз. Ошол эле учурда, өкмөттүн негизсиз иш-аракеттери Centerra компаниясына өзүнүн жана акционерлеринин, ошондой эле “Кумтөр Голд компани” ишканасынын кызыкчылыктарын бардык мыйзамдуу жолдор менен коргоодон башка тандоо калтырган жок. Анын ичинде сөзсүз боло турчу арбитраждык сот жана башкалар дагы бар», — деп белгилешкен компаниядан.

Centerra болуп жаткан окуялар базаны, Кумтөр кенин казууну гана эмес, 2,7 миң кызматкердин финансылык абалын тобокелчиликке салып жатканын белгилеген. Кызматкерлердин 99%ы Кыргызстандын жарандары, андан тышкары «Кумтөрдү» камсыздаган жергиликтүү жеткирип берүүчүлөр.

Арызда көрсөтүлгөндөй, бул кадамдар Кыргызстан мамлекеттеги жумуш берүүчү жана салык төлөөчү эң ири жеке ишкана болгон «Кумтөр Голд Компаниден» алып жаткан бир топ каражатты жок кылууга алып келиши мүмкүн.

«Ошондой эле бул, Centerra ушул жылы жарыялаган, кен казууну 5 жылга, 2031-жылга чейин узартуу үчүн капиталдык салым түрүндөгү 2 млрд доллар бөлүү планын дагы солгундатат», — деп жазылган билдирүүдө.

Centerra өз билдирүүсүндө компания 2021-жылга карата жарыялаган божомолун жана кенге тиешелүү үч жылдык планын токтото турганын айткан.

Билдирүүгө ылайык, өкмөттүн кыймылдары «Кумтөр» долбоору боюнча 2009-жылы кайрадан каралып чыккан келишимди жана келишимдерди тастыктаган Кыргызстандын 2009-жылдагы мыйзамдарын бузуп жатат. Бул келишимдер 2017-жылы айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды илгерлетүү боюнча Стратегиялык келишим түзүлүп, 2019-жылы кол коюлуп күчүнө киргенде кыргыз өкмөтү тарабынан тастыкталган.

Компания билдирүүсүнүн аягында «Кумтөргө» байланышкан соттук териштирүүлөр жана талаш-тартыштар компанияга таасир тийбейт же Centerra компаниясынын кенге салган инвестицияларынын баарын жоготуп албайт деген кепилдик жок экенин кошумчалашкан.

«Кумтөрдүн» айланасында эмне болуп жатат?

Парламентте 17-майда Кумтөр кенине жана алтын казуучу «Кумтөр Голд Компани» ишканасына байланышкан кезексиз жыйын өткөн. Анда 91 депутат «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоого макулдугун берген — тышкы башкаруучуну министрлер кабинети жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тандайт.

Кумтөр — Ысык-Көл облусунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири алтын кени. Аны канадалык Centerra Gold Inc тоо-кен иштетүүчү компаниясы Кыргызстанда түзүлгөн оператору «Кумтөр Голд Компани» аркылуу иштетип келет. «Кыргызалтын» Centerra Gold Inc ишканасынын акциясынын 26% ээлик кылат.

Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту 7-майда «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Буга төрт жаран Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып сотко кайрылганы негиз болгон. Доо арыз жазгандардын экөө барымтага алуу ишинде айыпкер катары өтүшкөн — президент Садыр Жапаров дагы бул иштин фигуранты катары өткөн.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошондой эле депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү.

Буга чейин дал ошол парламенттин депутаттары бул үчүн негиз түптөшкөн — алар дароо үч окууда каалаган компанияга сырткы башкаруу киргизүүгө жол ача турган мыйзамды кабыл алышкан. Мыйзамга ылайык, эгерде компания кеңдерди коргоо талаптарын, мыйзамда бекитилген экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздук нормаларын бузса, же иштин таасир этүүчү аймагында жашаган адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурса, ошол эле маалда келтирилген зыянды жоюу боюнча эч кандай чара көрбөсө сырткы башкаруу киргизилет. Жапаров бул мыйзамга 14-майда кол койгон.

15-майда ЖМКларда укук коргоо органдары Кумтөр компаниясынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүп жатканы айтылган. Анда УКМК тергөө жүрүп жатат деген жүйөө менен, комментарий берүүдөн баш тарткан, бирок 17-майда тинтүү жүргөнүн тастыктаган.

Жогорудагылардын баарынан улам Centerra Gold Inc.Кыргызстандын өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга кайрылган.Ошондой эле Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) мамлекеттин компанияны «жутуп алуусу» Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүнү да, республиканын инвесторлор алдындагы беделин да түшүшүрүп коркунучка кептээрин билдирген.